Анын айтымында, 2017-жылдын 12-августуна чейин Кыргыз Республикасында алынган сертификаттар дагы эки жыл бою, же 2019-жылдын 12-августуна чейин күчүндө болот, бирок ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге азыкты экспорттоо үчүн жаңы техрегламенттерди киргизүү керек.
“Сертификат берүүгө мүмкүн болбогон техрегламенттер боюнча биздин сертификат берүүчү органдар казакстандык жана орусиялык лабораториялар менен келишим түзүп, ошол жакка жиберет. Башкача айтканда өндүрүүчүлөр биздин органдарга барыщат, документтерди толтурушат, ал эми процедуралар аталган өлкөлөрдө жүргүзүлөт. Тигүүчүлөр үчүн лабораториялар техжардамдын алкагында каралган жана ишкерлер үчүн баардык шарттар түзүлөт”,-деди ал.