• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ата мекендик ишканалардын Евразия рынокторуна чыгуусуна колдоолор болуп жатат

img_1443-1024x683

👁 785

Премьер-министр Сапар Исаков, Ата мекендик ишканалардын Евразия рынокторуна чыгышы үчүн пландуу финансылык жактан колдоолор көрсөтүлүп жатканын Жогорку Кеңешке отчет берип жатып билдирди.

Узак мөөнөттүү кредит алуудагы чектөөлөр – бизнес үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири. Буга байланыштуу ата мекендик ишканалардын Евразия рынокторуна чыгышы үчүн дайыма пландуу финансылык жактан колдоолор көрсөтүлүп жатат.

Премьер-министрдин айтымында ишкердикти колдоо максатында өлкөнүн Өкмөтү тарабынан төмөндөгү иштер аткарылды:

- «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоору ишке ашырылды. 15 миң товар өндүрүүчүгө 6,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген кредит берилди. Бул 2016-жылга салыштырганда 1,8 млрд сомго көптүк кылат (38%) жана кредит алган товар өндүрүүчүлөр 2 миңге көбөйдү (15%);

- экспортко багытталган ишканаларга кредитти 10% менен алууга мүмкүндүк берилди. 2017-жылы 1,2 млрд сомго 93 долбоор каржыланды;

- айыл чарбасында 363 техника лизингге берилди, жалпы суммасы 530 млн сомду түздү. Бул 2020-жылга чейин 24 машина-трактордук станцияны (МТС) ачууга шарт түздү;

- «Чакан ишкердик субъекттерди микро каржылоо» программасы бекитилди. Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду 24 ай мөөнөт менен 700 млн сомго жакын акчаны микрокредитке берди. Пайыздык ставкасы 14%, же микрофинансылык уюмдардын орточо алынган проценттик ставкаларынан эки эсеге төмөн болду;

- Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду 2017-жылдын аягында 823 долбоорду жактырды. Жалпы суммасы – 311 млн доллар.

- Гарантиялык фонд 2017-жылы 234 долбоорго кепилдик берди, жалпы суммасы – 250 млн сом.

Бизнес жүргүзүү шарттарын жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Өкмөт бир топ иштерди аткарды.

Салык жана инвестициялык саясат жагында бир катар иштер аткарылды:

- дотацияда турган райондордо жаңы ачылган ишканаларга жеңилдиктер берилди;

- акциздик маркаларды контролдоо багытында депозиттик төлөм механизми киргизилди;

- лизингдик компаниялар КНСтен, сатуудан алынуучу салыктан бошотулду, пайдадан алынган салыктан 5%га жеңилдик алышты;

- мектептик билим берүүчү менчик уюмдар КНСтен жана пайдадан алынган салыктан бошотулду;

- кайра иштетүүчүлөр үчүн пайдадан алынган салыкка жана КНСке берилген жеңилдиктер 1-сентябрга чейин узартылды;

- тамекинин акциздик салыгы 2022-жылга чейин көбөйтүлдү;

- Кыргыз Республикасынын аймагына данды жана унду ташып киргизүүнү / сатууну КНСтен бошотууну алып салдык;

- салыктык процедураларды фискалдаштыруунун электрондук системасы иштегени турат;

- Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктин статусу жогорулатылды. Эми Агенттик – инвестициялык долбоорлорду башынан баштап, аягына чейин чыгарат (“под ключ”). Бул инвесторлордун проблемаларын ыкчам чечүүгө жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жол ачат;

- 10 жылдын аралыгында инвесторго эң ыңгайлуу салык режимин тандоо укугун берүүчү Стабилдештирүү режимин колдонуу жөнүндө жобо бекитилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости