• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Ата Мекен” фракциясы коррупция менен күрөшүү боюнча күч органдарына бир катар тапшырмаларды берди

4

👁 988

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2018-жылдын 8-февралында КР Коопсуздук кеңешинде каралган коррупция менен күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө КР Башкы прокурорунун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев, КР Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү «Ата Мекен» парламенттик фракциясына маалымат беришти.

Күч органдарынын жетекчилери Коопсуздук кеңешинин кабыл алган чечиминин алкагында 2010–2017-жылдар аралыгында козголгон кызматтык жана экономикалык кылмыштарга инвентаризация жасалып жаткандыгын, алардын бир тобу кайрадан өндүрүшкө алынгандыгын, токтотулгандарынын, кыскартылгандарынын себептерин аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилешти.

Талкууда фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов “Манас” эл аралык аэропортундагы базар баасы 2 млн АКШ доллары турган 2 тамак-аш блогун 12 млн АКШ долларына сатып алгандыгын кайрадан текшерип чыгууну талап кылды. Мындан сырткары, “Кыргызтелеком” ишканасы менен “РТС” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында мамлекетке 34 млн АКШ доллары өлчөмүндө зыян келгендигин кошумчалады. Ошону менен катар “Белизгейт” окуясы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев Кылмыш-жаза кодексинин 304, 350-беренелерин бузгандыгын айтып, чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

“Коопсуздук кеңешинде мамлекет башчысы айткан маселелерди колдойбуз”,- деген депутат Каныбек Иманалиев күч органдары тарабынан коррупция менен күрөшүүдө иштерди өтө жай жана майдаланып жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Эл өкүлү дагы Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн акыркы келишимден мамлекет чыгымга учураганын, көмүр мафиясынын уланып келе жаткандыгын, сырттан күйүүчү майларды ташууда салыктык жыйымдар акыркы 4 жылда түшүп кеткендигин, Нарын ГЭС каскаддарынын куруудагы курулушчулар шаарчасын курулушу өтө жогорулатылып — метр квадраты 1300 АКШ доллары өлчөмүндө курулгандыгын жана башкаларды тизмектеп, мындай коррупциялык иш-аракеттерге көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. Ошону менен катар депутат бул саналып өткөн иштер боюнча 2 айдан кийин кайра маалымат угууну сунуш кылды.

Депутат Наталья Никитенко болсо күч органдарынын статистикалык маалыматтарындагы козголгон кылмыш иштеринин бир тобу токтотулгандыгынын жана кыскаргандыгынын өзү эле коррупция менен күрөшүүнүн деңгээли төмөн экенин айгинелеп тургандыгын айтып, мыйзамсыз козголгон иштер боюнча жоопкерчиликке кимдир бирөөлөр тартылышы керек деген пикирин ортого салды.

Депутат Бахадыр Сулейманов күч органдарынын жетекчилеринин баяндамаларында жалпы эле маалыматтар берилип, конкреттүү иштер жасалбагандыгын сынга алды. “Коомчулук кимдир бирөөлөргө мыйзам чегинен чыгып иш кылууга уруксат берилип, кимдир бирөөлөргө мыйзам чегинде жашоо талап кылынган эки жактуу жагдайларга тынсызданып жатат. Эл ушундай иштер боюнча күч органдарынан жооп күтүүдө”,- дейт Б.Сулейманов.

Жыйынтыгында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов: “Ата Мекен” фракциясы мыйзамда белгиленген укуктарынын чегинде ушундай талкууларга аянтча түзүп, коррупция менен күрөшүүдө күч органдарына көмөк көрсөтөт. Эл өкүлдөрү тарабынан көтөрүлгөн маселелер коомчулукта резонанс жараткан маселелер. Андыктан алар унутулуп калбайт, тиешелүү жыйынтык чыгаргыла”,- дейт. Фракция депутаттары айтылган фактылар боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө 2018-жылдын 20-июнунда күч органдарынан кайрадан маалымат укмай болушту.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости