Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери республикада күйүүчү-майлардын чекене баасы орточо 5,8 % га жогорулады. Мунун себеби Орусиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордо дүң баанын жогорулашына байланыштуу. Буга кошумча, бир катар орусиялык мунайды кайра иштетүүчү ишканалар 2017-жылдын октябрь айынан тарта оңдоого байланыштуу ишин токтоткон. Натыйжада, башка мунай өндүрүүчү заводдор мунай өндүрүү көлөмүн арттыргандыгына карабастан, рыноктогу баа жогорулоого дуушар болду.
Мындан сырткары, дүйнөлүк базарда да чийки мунайга карата баа үзгүлтүксүз жогорулап, алты жумадан бери уланууда. 2018-жылдын май айында гана баанын өсүшү 9–10% түзүп, акыркы 3,5 жылда алгач ирет баррелине 80 доллардан жогорулады.
Эгерде апрель айында Санкт-Петербургдун товардык-сырье биржасында мунайдын тоннасы 711 АКШ долларын түзсө, май айында анын баасы 825 долларга жеткен.
Кеңешменин жыйынтыгында, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине күйүүчү майлардын рыногундагы баанын абалы боюнча мониторинг жүргүзүү тапшырылды.