• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Аскар СЫДЫКОВ, эл аралык ишкерлер кеңешинин директору: Учурда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүшүбүз керек

askar-syidyikov

👁 2,037

Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору бул тармакта беш жылдан бери эмгектенип келет. Жаш кадр Борбор Азиядагы Америка университетин аяктап, андан соң Англиянын Кембридж университетинде магистратурада билимин улантып келген. Азыркы инвесторлордун, жергиликтүү ишкерлердин, экономикабыздын абалы тууралуу айрым суроолорубузду узаттык.

– Аскар мырза, эл аралык ишкерлер кеңеши кандай иш алып барасыңар, экономикабыздын өнүгүшүнө кандай салым кошосуңар?

 Атамекендик жана эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган бизнес-ассоциация катары таанымалбыз. ЭИК коррупцияга каршы күрөшүүдө, социалдык-экономикалык адилеттүүлүккө бөгөт койгон мыйзамдар менен тажрыйбаларды өзгөртүүдө өкмөт менен жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташат. Негизинен биздин ишибиз чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган. Азыркы учурда экономикабыздын абалын жакшыртыш үчүн биринчиден инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Ал үчүн биз инвестициялык климатты жакшырта турган мыйзам долбоорлорду өкмөткө, Жогорку Кеңешке, мамлекеттик органдарга сунуштайбыз.

Азыр сексенден ашык жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлерди бириктирип, алардын добушун бийликке жеткирүүгө аракет кылабыз. Биз мындайча айтканда, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы көпүрө катары иш алып баруудабыз.

– Жакын арада жаңы өкмөт менен ишкерлердин жолугушуусу өттү. Кандай көйгөйлөр көтөрүлдү?

– Бул жолугушуу жакшы болду. Премьер-министр Сапар Жумакадырович жакшы ойлорун айтып, маселелерин чече албай жүргөн ишкерлердин арызын угуп, “чечип берүүгө даярбыз” деп ишкерлерге жакшы дем берип койду. Биз дагы аны угуп, өз сунуштарыбызды айта баштадык. Учурда ири ишкерлердин укуктарын көбүрөөк коргоо керек. Мамлекеттик бюджеттин көпчүлүгүн ошол ири ишкерлерден түшкөн салыктар толуктайт. Ошондой салыктар көбөйүшү керек. Биздин инвестициялык климаттын эң жакшы жарнамасы азыркы иштеп жаткан ишкерлердин укуктарын коргоо. Алардын укуктарын коргоп, колдоп берсек, алар ийгиликтүү иштеп кетсе, Кыргызстанга кийин дагы ар кандай ишкерлер агылып келет. Азыркы иштеп жаткан ишкерлердин тажрыйбасы, пикири көбүнчө таасир этет.

– Биздин ишкерлердин укуктары кандай учурда тебеленип калууда? Кандай тоскоолдуктар кездешүүдө?

– Укуктары көп учурда маалыматтын жетишсиздигинен бузулат. Ишкерлерге да маалымат жетишпейт. Мамлекеттик органдар менен дагы координация жетишпейт. Кээде ушундай түшүнбөстүктөр болууда. Жер-жерлердеги коррупциянын, коррупцияга малынган айрым салыкчылардын да терс таасири чоң. Жаңы кабыл алынып жаткан “Кырк кадам”, “Таза коом” ж.б. программалар ишкерлерге жакшы шарт түзүп берет деп үмүттөнүп жатабыз. Каржы ресурстары боюнча дагы маселелер бар. Анткени көп ишкерлердин иштегиси келет. Бирок төмөнкү пайыздагы кредиттерди ала алышпай ишканаларынын иши алга жылбай жатат. Ошон үчүн колдон келишинче үстөк пайыздарды ылдыйлатып жеңил же оңой акча тартып келишибиз зарыл. Мисалы, орус-кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Ошол сыяктуу фонддор көбүрөөк иштесе ишкерлерге пайдасы чоң.

Жергиликтүү элдин дагы ишкерлерге сыйы, колдоосу болушу керек. Аймактарда, шаарларда баарыбыз тең түшүнүп, иштеген инвесторлорго жардамыбызды аябасак, акырындап экономикабыздын абалы оңолуу жолунда болот.

– Экономикабыздын бүгүнкү абалына кандай пикириң, кандай жаңы сунуштарың бар?

– Эми азыр баарына маалым болгондой эле экономиканын абалы орто, татаалыраак десек да болот. Биз көбүнчө ири инвесторлордон түшкөн салыктарына көз каранды болуп турабыз. Учурда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүшүбүз керек. Ири инвесторлордун жардамы керек. Бирок биз аларга көз каранды болбой орто жана чакан ишкерликти көбөйтүшүбүз зарыл. Визасыз режимди киргизгенден соң инвесторлор көбөйдү. Башка тармактар өсүп жатат. Азыркы экономиканын абалы татаалыраак, бирок алдыга койгон максаттар жакшы. Баардык тармактар өсөт деген ишеничтебиз. Ошого колдон келишинче кол кабыш кылабыз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости