– Аскар мырза, эл аралык ишкерлер кеңеши кандай иш алып барасыңар, экономикабыздын өнүгүшүнө кандай салым кошосуңар?
– Атамекендик жана эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган бизнес-ассоциация катары таанымалбыз. ЭИК коррупцияга каршы күрөшүүдө, социалдык-экономикалык адилеттүүлүккө бөгөт койгон мыйзамдар менен тажрыйбаларды өзгөртүүдө өкмөт менен жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташат. Негизинен биздин ишибиз чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган. Азыркы учурда экономикабыздын абалын жакшыртыш үчүн биринчиден инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Ал үчүн биз инвестициялык климатты жакшырта турган мыйзам долбоорлорду өкмөткө, Жогорку Кеңешке, мамлекеттик органдарга сунуштайбыз.
– Жакын арада жаңы өкмөт менен ишкерлердин жолугушуусу өттү. Кандай көйгөйлөр көтөрүлдү?
– Бул жолугушуу жакшы болду. Премьер-министр Сапар Жумакадырович жакшы ойлорун айтып, маселелерин чече албай жүргөн ишкерлердин арызын угуп, “чечип берүүгө даярбыз” деп ишкерлерге жакшы дем берип койду. Биз дагы аны угуп, өз сунуштарыбызды айта баштадык. Учурда ири ишкерлердин укуктарын көбүрөөк коргоо керек. Мамлекеттик бюджеттин көпчүлүгүн ошол ири ишкерлерден түшкөн салыктар толуктайт. Ошондой салыктар көбөйүшү керек. Биздин инвестициялык климаттын эң жакшы жарнамасы азыркы иштеп жаткан ишкерлердин укуктарын коргоо. Алардын укуктарын коргоп, колдоп берсек, алар ийгиликтүү иштеп кетсе, Кыргызстанга кийин дагы ар кандай ишкерлер агылып келет. Азыркы иштеп жаткан ишкерлердин тажрыйбасы, пикири көбүнчө таасир этет.
– Биздин ишкерлердин укуктары кандай учурда тебеленип калууда? Кандай тоскоолдуктар кездешүүдө?
Жергиликтүү элдин дагы ишкерлерге сыйы, колдоосу болушу керек. Аймактарда, шаарларда баарыбыз тең түшүнүп, иштеген инвесторлорго жардамыбызды аябасак, акырындап экономикабыздын абалы оңолуу жолунда болот.
– Экономикабыздын бүгүнкү абалына кандай пикириң, кандай жаңы сунуштарың бар?
Жамиля НУРМАНБЕТОВА