Экономикалык форумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин ишкерлери жана бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Сингапур, Белоруссия жана Өзбекстандын экномисттери да келди.
Муну менен катар конокторго Таза коомдун алкагындагы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча долбоорлор тааныштырылды.
Форумдун жүрүшүндө КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошевге да суроо узатып жооп ала алдык.
Бул форум эмне максатта өткөрүлүп жатат?
Экономикалык “Ысык-Көл 2017” форуму быйыл төрүнчү ирээт өткөрүлүүдө. Аталган форумга 300дөн ашык коноктор келди. Акыркы үч жылдын ичиндеги долбоорлор ушул экономикалык форумдун алкагында түзүлгөн мамилелердин негизинде ишке ашууда. Мисалы, “Чүй Азиясы” долбооруна Кытай мамлекети тарабынан 1 млрд юань салынат. Бул Орто Азиядагы ири долбоор болуп саналат. Ишке ашып жаткан долбоордун алкагында мал-чарбачылыгы боюнча бардык продукцияны Кытайга алып чыгабыз. Мындай кадамдар кыргыз экономикасына өбөлгө түзөт.
Чечилбей жаткан маселелер да бар деп айтып өттүңүз, эң негизгилерин атап өтсөңүз?
- Лабораториялар;
- Ветеринардык көзөмөлдөр.
Жаңы техникалык регламенттер боюнча да кошумчалай кетсеңиз?
Жаңы техникалык регламенттер 2017-жылдын 12-августунан баштап кирди. Мыйзам актыларынын бардыгы жасалды. Максималдуу түрдө ишкерлерге жеткирилүүдө. Бүгүнкү күндө техрегламенттин талабына ылайык келбесе ЕАЭБге биздин эч бир өнүм чыга албайт. Өкмөт тарабынан жасала турган иштер жасалды. Болгону 2–3 тармак боюнча лабораториялар калды. Алар: лифттер, темир жолдор. Кыргызстанга алар кереги жок. Ал эми башка лабораториялык сертификациялоо боюнча Кыргызстанда толук шарт түзүлдү.
Биримдикке кирген мамлекеттердин арасында Кыргызстан экономикалык көрсөткүчү боюнча кыска убакыттын ичинде алдыга озуп чыкты деп айтылды, бул жеңилдиктерге байланыштуубу же…?
Биринчиден, бардык шарттар түз үзүрүн берди. Экинчиден, биздин эл соода тармагына тез ыңгайлашат. Ошол себептен алдыга жылуу болду.
Ошондой эле, форумдун алкагында ЕАЭБдин вице-премьер-министрлери да өз пикирлерин айтышты.
Дүйнө коомчулугунда ЕАЭБди Орусиянын саясий долбоору деген баасын беришкен. Бирок бул жаңы экономикалык алкакты түзүү демилгеси көбүрөөк Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге таандык. Мындай пикирин Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Олег Шувалов эл аралык экономикалык форумда билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ бул дүйнөдөгү эң ири экономикалык биримдик болуп саналат. Алгачкы убакытта анын жыйынтыктары байкалбаганы менен бүгүнкү күндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгындагы экономикалык өсүү деңгээли биримдиктин бир багытка түшүп келе жаткандыгынын далили.
Шувалов белгилегендей, ЕАЭБге кирген өлкөлөргө үчүнчү өлкө менен бирдиктүү соода жүргүзүү айдыңына чыгуу жаатында маселе менен кагылышууга туура келет. Азырынча мындай механизм бир гана Вьетнамда иштеп жатат. Бардыгы жаман эмес өнүгүп жатат, катарлаш түрдө Иран менен болгон татаал сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Аймактык интеграция-Орусиянын эң чоң базарына багытталган. Андан тышкары Армения Кыргызстан, Казахстан жана Белоруссия менен экономикалык кызматташуусун бекемдейт. Бул тууралуу форумда Армениянын интеграция жана реформа министри Ваче Габриелян билдирди.
Анын пикиринде, өнүгүү интеграциялык жол менен өтөт. Эгерде ЕАЭБ сыяктуу инфраструктуралык биригүүнү алсак, бул дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн башкы жолдорунун бири.
Форумдун жыйынтыгында Казакстан Кыргызстанга кайтарымсыз жардам ирээтинде 100 млн долларлык келишимге кол коюшту.
Бул каражат казак тарабынан бөлүнгөн каржылык жана техникалык жардам көрсөтүү ирээтинде берилээрин Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.
Эки тараптуу келишимге Кыргызстандын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана Казакстандын финансы министри Канат Баедилов кол коюшту.
Наргиза Өмүрбек кызы