• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Арзыбек Кожошев: Кепилдик фонд ички миграцияны азайтып, кедейчилик деңгээлин төмөндөтөт

????????????????????????????????????

👁 1,882

Мындан үч жыл мурда Кыргызстандагы кепилдик фонддор жөнүндө мыйзам кабыл алынган эле. Учурда өкмөт тарабынан Кепилдик фонд түзүлүп ишин алып барууда.

Ушул күнгө карата 17,68 миллион сом 19 кепилдик иретинде берилди. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтуусунда, фонд — ишкерлердин каржылык муктаждыктарын чечет. Алыскы аймактардагы кыймылсыз мүлктөр насыялык каржылоого жетише алышпайт. Ошондуктан орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү максатында бүгүнкү күндө алып жаткан насыянын күрөөсүнүн 50 пайызын жапканга мүмкүнчүлүк берет.

–Кепилдик фонд деген эмне?

-Кичи бизнести ѳнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн № 288 буйругунун ААК «Кепилдик фонд» түзүлгѳн.
Кепилдик фонддун негизги багыттары экспортко багытталган чакан жана орто бизнести колдоо болуп эсептелет. Бул чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү кыйла колдойт. Ошондой эле жаңы жумушчу орундарын түзөт. Өлкө казынасына келип түшкөн салыкты көбөйтүп, ички миграцияны азайтат жана кедейчилик деңгээлин төмөндөтөт. Кепилдик фонддун эң негизги максатты ишкерлердин күрөөсү жетишсиз болгон учурда 50% чейин кепил болуп бере алат.


–Кепилдик фонд кандай жардамдарды көрсөтө алат?

Кепилдик фонддун негизги максаты чакан жана орто ишкерликтин күрөөсү жетпей калган бөлүгүнө кепилдик бере алат. Ошондой эле тиешелүү банкттар менен келишим түзүүгө көмөктөшөт. Тактап айтканда, ишкердин күрөөлүк камсыз кылуусу жетишпесе, кепилдик фонд ишкерге жана кредиттик мекеме (банк) ортосунда «кепил» болуп берет.

Аталган фонд экспорткко багыт алган ишканаларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары ишкер аялдардын ишкердигине маани берилет. Өзгөчө айыл жергесине тигүү цехтерин ачам деген аялдар дароо колдоо көрсөтүлөт. Анткени айыл жериндеги аялдар жумуш менен камсыз болуп, ички жана сырткы миграция азаят. Аялдар балдарына энелик татыктуу тарбия бере алат жана муктаждыктары чечилет. Ошондуктан айымдардын ушуга окшогон бизнес-пландары жерде калбайт.

–Учурда канча кепилдик фонд иш алып барат? Ошондой эле мамлекеттик жана жеке кепилдик фонддордун саны канча?

-«Кепилдик фонд» ачык акционердик коому мамлекеттик мекеме болуп эсептелинет. Мындан тышкары регионалдык кепилдик фонддор да ишке кирген: Кара-Балта жана Жалал-Абад шаарында 2011-жылы түзүлгѳн. 2012–2013-жылдары Ош облусу жана Каракол шаарында ишке кирген. Ал эми 2015-жылы кепилдик фонд Кант шаарында өз ишин баштаган.


–Ишкерлер аталган фондго кайсыл учурда кайрыла алышат?

-Экономиканын өсүшүн жана ишкерлердин абалынын жакшыра башташын эске алуу менен алардын насыяга болгон керектөөсү жыл сайын өсүүдө. Ал эми банктардын кепилдиктин наркын баалоосу анын базар баасынан орточо 50–60% бойдон калууда. Банктар ишкерлердин күрөөгө койгон мүлкүн арзан баалап, насыя алууда маселелер пайда болуп жатат. Ошол себептен ишкерлердин кошумча кепилдикке болгон муктаждыгы эске алынып, аларды колдоо ирээтинде кепилдик фонддорду түзүүгө себеп болду. Кепилдик фонддор ишкерлерге насыянын зарыл болгон суммасын алуу үчүн кепилдиктин жетпей калган бөлүгүнө жардам берет.

Мисалдын негизинде түшүндүрүп берели, ишкер 500 миң сом насыя алгысы келет дейли. Бул үчүн ал банкка кайрылат. Банк анын бизнесин баалап, бизнес-планын, насыя таржымалын карап чыгып, кепилдикти баалагандан кийин 400 миң сом сунуш кылат. Бирок ишкерге 500 миң сом керек. Мындай учурда банк ишкерге 100 миң сом суммасына кепилдик суроо үчүн кепилдик фондуна кайрылууну сунуштайт. Кепилдик берүү тууралуу өтүнүч банктан КФ келип түшөт.

Ал жерде конкреттүү зайымчыга байланыштуу банк филиалынын насыя комитетинин чечими, бизнес-планга жасалган анализ, колдо болгон кепилдиктин канчага бааланганы жана башка материалдар болот. Кепилдик фонд беш жумушчу күндүн ичинде табыштаманы карап чыгат жана кепилдикти берүү же баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. 100 миң сомго кепилдик берген учурда ишкер банктан зарыл болгон 500 миң сом насыяны ала алат. Кепилдикти берүүдө негизги шарттар төмөнкүлөр:

  • кепилдиктин суммасы насыя суммасынан 30% ашпоо керек;
  • кепилдиктин суммасы кепилдик фондунун капиталынан 5% ашпоо керек;
  • кепилдик бир жылга чейин берилет (бул КФ жогору капитализацияга жеткенге чейинки убактылуу шарт)
  • кепилдик КФтин байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген экономиканын белгилүү бир тармактарына берилет.

–Кепилдик фондунун пайдасы эмнеде? КФ кепилдик бергенден кандай пайда көрөт?

–Кепилдик фонд ишкерден 1 жылдык мөөнөткө кепилдик берүү менен кепилдик суммасынан 1,5% алат. Ал эми ишкер банкка бардык 500 миң сомдун пайыздык коюмун төлөйт. Аталган фонд туруктуулугунун максатында алгач алардын өзүн-өзү актаганы башкы тапшырма болсо, учурда бардык кепилдик фонддор өзүн толук актап, кирешелүү болуп калды.

- Кепилдик фондго кайрылуу үчүн кандай документтерди топтоо керек?
ААК «Кепилдик фондго» банктан керектүү документтердин тизмеси:

Арыздануучунун документтери

· Арыз (КФ)
· Паспорт – арыздануучу (башчысы)
· жубайынын паспорту,
· нике күбѳлүгү
· Жашаган жеринен маалым кат
· жеке ишкерликти жүргүзүү тууралуу маалым кат (справка), юридикалык жактын мекеменин документтери (Устав, КР МЮ күбѳлүк, юридикалык жакты түзүү чечими, кепилдикти алуу, күрѳѳнү коюу )
Финансылык документтер
· Кардардын кредиттик тарыхы боюнча маалымат
· Кошумча киреше тууралуу маалымат эгер болсо
· Салык жана башка карыздардын жоктугу боюнча маалым кат жана бизнеске байланыштуу (келишим, жазуулар)
· Резюме/Банктын кардардын финансылык мүмкүнчүлүгү боюнча
· Бизнестин жана күрѳѳнүн сүрѳтү
· Насыя алуучунун бизнес-планы

Күрөөлүк жана укуктук документтер

Күрөөлүк камсыздоо (бизнес, болгондо) боюнча укук белгилөөчү документтер жана көчүрмөсү, ыйгарым укуктуу органдын бар же жоктугу жөнүндө чектөөсү менен биргеликте банктын укуктук корутундусу талап кылынат.

-Баардык тармакта иш алып барган ишкерлер кайрылып кепилдик ала алабы же белгилүү бир тармактарга элеби?

— Кепилдиктер жардам талап кылган баардык ишкерлерге берилет. Бирок ЕАЭБке мүчө болуп киргенге байланыштуу өкмөт экспортту өнүктүрүү багыттарына көбүрөөк көңүл буруп, артыкчылыктуу багыттарды тандап алган. Алар өндүрүш, айыл чарбасы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кызмат көрсөтүүлөр жана соода болуп эсептелинет.

-Бүгүнкү күндө статистика боюнча канча ишкер кайрылды жана алардын басымдуу бөлүгү кайсы тармакта иш алып баргандар?

–Бүгүнкү күнгө чейин 19 кепилдик берилди. Кепилдик берген көлөм 60 миллион 821 миң сомду түздү. Эң негизги тармак болуп айыл-чарба тармагына тогуз, өнөр-жай тармагына төрт, соода тармагына үч, туризм тармагына эки жана транспорт тармагына бир кепилдик берилген. Кепилдик фонддун казынасын мындан дагы кеңейтүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна кайрылдык. Ал жактан үч миллион доллардан он миллион долларга чейинки каражат жакын арада кепилдик фондго бөлүнөт. Канчалык казына кеңейген сайын, ошончолук ишкерлерге жакшы өбөлгө түзүлөт.

- Кайрылган ишкерлерге канча өлчөмгө чейин кепилдик бере алат?

–Кепилдик берүүнүн 2 шарты бар . Ал “ГОРИЗОНТ” жана “СТАНДАРТкепилдиги. Эки кепилдиктин насыя алуучуларынын жаш курагы 20 — 65 жашты түзүүсү зарыл.

“Горизонт” кепилдигин алуунун шарты:

Насыянын минималдык суммасы — 300 (үч жүз) миң сом болушу керек

Кепилдиктин мөөнөтү 36 айга чейин.

Кепилдиктин өлчөмү 50% (насыянын суммасынан).

“Стандарт” кепилдигин алуунун шарты:

Насыянын минималдык суммасы — 300 (үч жүз) миң сом болушу керек

Кепилдиктин мөөнөтү 12 айга чейин.

Кепилдиктин өлчөмү – 30% (насыянын суммасынан).

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости