Бүгүн болсо Экономика министри Арзыбек Кожошев саясаттан тыш, карапайым калкка алда канча пайдалуу маек куруп берди.
–Саламатсызбы Арзыбек мырза, кепти сиздин бала-чактан баштасак, кайсы жердин кулуну болосуз?
–Мен Ош шаарында чоңойгом. Беш бир тууганмын, бир иним, үч карындашым бар. Кичинебизде бири-бирибиздин эскибизди кийип чоңойдук. Мен 6–7-класста окуп жүргөндө “үйдүн улуусу болсом да эмнеге мага жаңы кийим алып бербейсиз” деп таарынганым эсимде.
Апам акчаны абдан үнөмдөп, ирээти менен колдончу эле. Ошондон тарта туугандарым материалист болуп кийимдин аркасынан чуркабайбыз жөнөкөй, жарашыктуу, таза, ыңгайлуу кийим болсо болду. Мисалы, мен азыр чет мамлекеттерге барып кийим албайм, “Дордойго” барып эле кийинем. Чет мамлекеттерге көп чыкканым менен биздегидей баасы, сапаты жагынан төп келишкен кийим табуу кыйын.
- Сиз министр катары баа берип жатасызбы же кардар катарыбы?
- Мен кардар катары жана министр катары айтып жатам. Башка жерде кийимдер кымбат. Ата-энем мага биринчиден кийимдин аркасынан чуркаба деп тарбиялаган.
Ата-энем карапайым адамдар болгондуктан курсагың ток, кийимиң бүтүн, эң башкы максатың окуу болушу керек дешчү.
–Учурда сиз акчаны үнөмдөп жашайсызбы?
–Ооба. Менде каражатты коротконго убакыт деле жок. Жубайым үй-бүлөлүк маселелердин баарын чечип турат. Ал акчаны өтө үнөмдүү колдонот.
–Министр кызматын аркалоо кыйынчылык жаратпайбы?
–Мен буга чейин Финансы министрлигинде 20 жыл иштегем. Экономика министрлиги экөөнүн айырмасы чоң. Экономика тармагында кризис болуп жатканда иштеш кыйын.
Өкмөт миң аракет кылса да айрым иштерди жасай албай келебиз. Бизде жакшы мыйзамдар көп, бирок иштебей жатат.
–Мыйзамга баш ийип иштөө үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл?
–Айылдагы кетменчиден баштап ажого чейин мыйзамды аткарыш керек. Бизде Кыргызстанда мыйзамдын диктатурасы болушу керек. Мыйзам болгондон кийин сага жагабы, жакпайбы аны жаран катары аткарыш керек. Бизде болсо мыйзам адамдын кызыкчылыгына туура келбесе аны аткарбайт.
Инвестор келгенде эле ошол иштей турган жерине мисалы, көпүрө куруп бер, бала бакча ачып бер деп чыгышат, алар баарын аткарган соң биринин баласынын контрагы төгүлбөй калса деле, баласы ооруп калса деле акча сурай беришет. Бул туура эмес. Мен мамлекет койгон талаптарды аткарган соң, ал мени коргошу керек.
–Бул көрүнүш калктын маданиятсыздыгынан кабар бербейби?
–Маданият деген өтө кең түшүнүк да. Мисалы, айрымдары салык төлөөдөн качып, ошол эле убакытта мамлекеттен өз каалаганын талап кылат, бул да маданиятка кирет. 90-жылдары Советтер союзу кулаганда элдер идея үчүн адамдарды колдочу. Азыр болсо баары барып акчага такалган. Сен мага канча бересиң деп соодалашып турушат.
- Бул да болсо экономиканын начардыгынан, элдер акчага муктаж болгондон болуп жүрбөсүн. Экономика карапайым элдин жашоосун кантип жакшырта алат?
–Бул суроого жооп берүү үчүн экономика деген эмне деген суроого жооп табуубуз зарыл. Адам кандайдыр бир чарбалык ишти жүргүзө баштаса, демек ал экономикада деп түшүнсөк болот. Экономика канча жакшы болсо, анын катышуучуларынын ортосунда байланыш ошончо жакшырат, адамдардын жашоосу да ошончо жогору болот.
–Элдер асмандан акча күтпөөсү үчүн үй-бүлөлүк бюджетти кантип түзсө болот?
–Үй-бүлөлүк бюджет – бул белгилүү бир убакыт ичиндеги кирешенин жана чыгашанын жыйындысы. Каржылык план ар бир үй-бүлөдө ар кандай болот. Ал боюнча план жакшы түзүлсө, каражатты кайда коротуу керектиги так жазылса адамдардын материалдык мүмкүнчүлүгү жакшырат.
Айрымдардын үй-бүлөсүндө баары жетиштүү, кээ бирлери болсо карыздан башы чыкпай келет. Мындай көрүнүш үй-бүлөлүк бюджет түшүнүгүнө ээ болбогондон улам келип чыгат.
Дептерге же телефонго акчалар кайда коротулуп жатканы жазылуусу керек. Бизде тойлорго өтө көп каражат сарпталат. Той өткөрүү үчүн карызга батыптыр деп көп эле угуп калабыз го.
- Экономикада сиз эмнени өзгөрткүңүз келет?
–Биздин өлкөнүн экономикасы рыноктук болгондуктан анын өзүнчө элементтерин өзгөртүү кыйын. Биздин өлкө рыноктук мамилеге жаңы эле кирди, болгону 25 жыл болду, ошондуктан анын көп жагын жакшыртуу зарыл.
Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө экономиканы өнүктүрүү өз каражатынан болуп, өлкөнүн каржы ишмердүүлүгүнө ага калк дагы жакшы катышып келет. Алар топтогон каражаттар иштетилбей жата бербейт, мамлекеттик облигациялар сатылып алынат же инвестициялык фонддорго салынат. Ошентип көп маселелер чечилет. Ишкерлер өнүгүү үчүн арзан жана жеткиликтүү ресурс алышат.
Дагы бир өнүктүрүү керек болгон тармак бул аймактар. Азыр негизги өнүгүү Бишкек сыяктуу чоң шаарларда гана жүрүп жатат. Ошондуктан кичинекей шаарларды, айылдарды дагы өнүктүрүүгө көңүл буруу кажет. Биз буга байланыштуу концепция иштеп чыгуудабыз.
Экономиканын өнүгүүсү үчүн ишкерлик кылууга эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек деп да эсептейм. Керектүү документтер кыска мөөнөттө берилип, мамлекет аларга көп чыгым келтирбей, отчет берүү жагы жеңил болуусу шарт. Бул багытта биз иш алып баруудабыз, лицензия талап кылган ишкердиктин түрлөрүн кыскартып, отчет берүүнүн электрондук формасын иштеп чыгып, бирдиктүү терезе принцибин киргизип жатабыз.
–Ишкерлер эмнеге даяр болуулары керек?
–Экономикадагы өзгөрүүлөрдү так билип, абалга жараша тиешелүү чараларды көрө билүү зарыл. Ызы-чуу болуп, өзүн жоготпой абалды анализдеп, туура чечим чыгара билүү керек.
–Экономикага көңүл бурбай койсо эмне болот?
–Экономика чарбалык аракет дебедикпи, аны карабай койсо деле токтоп калбайт. Бирок кайсы бир тармак өнүгүп, социалдык аспекттерге байланыштуу тармактар болсо төмөндөп кетүүсү ыктымал.
Мамлекет рынокто эркин атаандаштык болуусуна, бизнес жүргүзүүдө жакшы шарттар болуусуна өбөлгө болуп келет.
–Министрлик мамлекеттик институт болсо анын негизги милдети эмне жана бул карапайым калкка эмне берет?
–Министрликтин негизги милдети – мамлекеттик экономикалык саясатты түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик жүргүзүү үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү.
Адамдарга болсо бул оюн эрежесин аныктап анын коопсуздугунун гаранты болот. Дүйнөдөгү бир дагы либералдуу экономика мамлекеттен баш тарткан эмес. Учурда экономикалык жашоодо мамлекеттин ролу каралууда.
Бул жагынан Кыргызстан коңшулардан айырмаланып турат. Экономика министрлиги нормативдик-укуктук актылардын таасирин анализдеп келет. Бул болсо бизнести жана жөнөкөй жарандарды алардын конституциялык укугунун бузулуусунун алдын алат.
Н.ТУРАРОВА