• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Артур Шомахов: Бизнесин жаңы баштап жаткандар үчүн тажрыйбам менен бөлүшөм

22219683_1305927746183028_288923517504193774_o

👁 2,134

Артур Шомахов — бет үчүн 3D-маска чыгарган Shiawasedo деп аталган япон косметикалык компаниясынын негиздөөчүсү. Ал Японияда жашайт жана Facebook аркылуу бизнес боюнча кеңеш берип келет.

Автордун уруксаты менен аларды ЭКОНОМИКАга жарыялап жатабыз.

1. Сизде иштеген кызматкерлердин жумушунун сапаты алар канча маяна алып жатканынан көз каранды. Бирок сиз компаниянын дараметине карап акча төлөшүңүз керек. Сараңдыкты эң акыркы орунга коюңуз.
2. Эгерде кызматкер кетем десе, ал эми сиз болсо дароо маянасын жогорулатып берсеңиз, демек буга чейин сиз аз төлөп келгенсиз.
3. Эгерде кызматкер жумуштан кетем десе (кандай себеп менен болбосун) аны эч качан токтотпоңуз. Ал баары бир кетет. Сиз ага болгон нерселериңизди бердиңиз.
4. Биздин компанияда дайыма пландоо болбойт. Баардыгы эмне иш менен алек болорун билген соң, чогулуштарга убакыт коротуп кереги жок. Жыйналыштар айрым учурларда гана, өтө зарыл болгон маселелер боюнча өткөрүлүп, ага коллектив толугу менен катышат. Кээде бир нече айлар бою жалпы чогулуш болбойт.
5. Бизнестин ээси катары сиз адамдарга иштөөгө, оюндун эрежесин түзүүгө, сиз орноткон мыйзамдар сакталышына көз салууга жана өнүгүү стратегиясын аныктоого жолтоо болбоңуз. Болду.
6. Дайыма эң жакшы адамдарды тандап алыңыз. Эгерде бирөө сизден акылдуу болсо коркпоңуз – бул кадимки көрүнүш. Кандай болгон күндө дагы алар сизге иштеп жатышат.
7. Компанияда эки адам дайыма идеалдуу көрүнүштө болушу керек – бул аткаруучу директор жана президенттин ассистенти. Калгандары жумушка каалагандай келе беришсин.
8. Бизнес боюнча окуп чыгыш керек болгон 3 китеп бар: а) Кьелл Нордстрем жана Йонас Риддерсталдын «Бизнес в стиле фанк» китеби. Б) Дэн Кеннединин «Жесткий менеджмент» китеби, с) Гарри Беквиттин «Продавая незримое» китеби. Бул китептер чындап жардам берет. Калгандары болсо жалпы өнүгүү үчүн. Акылдуусунганды каалагандар үчүн айтарым мен Японияда эле бизнес боюнча 200 китеп окуп чыктым жана эмне тууралуу айтып жатканымды билем. Корогон убактыма өкүнөм.
9. Эгерде бир максатка багыт алып, жолдон тайбасаңыз – анда кандай болгон күндө дагы ийгиликке жетесиз. Дагы кайталайм – кандай болгон күндө дагы. Эң башкысы багытыңыздан адашпаңыз.
10. Дайыма сөзүңүз үчүн жооп бергенди билиңиз. Эгерде күмөн саноо бар болсо унчукпаңыз.Өнөктөштөр жана кардарлар менен сүйлөшүп жатканда дайыма люфт укугуна ээ болуңуз. Сиз дүйнөдөгү баардык окуялар үчүн жооп бере албайсыз, бирок сиз колуңуздан келишинче аракет кыларыңызды түшүндүрүүңүз керек. Эгерде сиз чындыгында эле аракет кылсаңыз анда баары мүмкүн.
11. Өнөктөштөргө ишенүү керек, бирок кардарларга эч качан ишенбеңиз. Кандай шарт болбосун ишенбеңиз. Кардарыңыз ишенимдүү болушу ыктымал, бирок эртең аны унаа сүзүп кетсе карыз болуп каласыз. Мен кардарларга ишенгени үчүн иши жүрүшпөгөн ондогон (Японияда, Орусияда жана дүйнөдө) компанияларды көргөм.
12. Сизде кесипкөй ар тараптуу аудит болуусу керек. Дайыма. Бул талкууланбайт.
13. Карөзгөй адамдарга убактыңызды коротпоңуз жана майдачыл болбоңуз. Акылдуу экениңизди баарына далилдей бербеңиз. Балким бул дүйнөгө жаралып калганыңыз үчүн эле кимдир бирөөгө тоскоол болуп жаткандырсыз. Муну түшүнүү үчүн мага бир топ жыл керек болду. “Сиз периште болсоңуз дагы канаттарыңыздын күүлөнүүсү кимдир бирөөгө жакпашы мүмкүн” – дубалга илип алыңыз.
14. Ден-соолугуңузга көңүл буруңуз. Болбосо сиз баарын башкаларга белек кылып саласыз.
15. Өзүңүзгө өтө ишенбеңиз. Эгерде бир нерсе туура эместей сезилсе, демек, чындыгында эле бир нерсе туура болбой жатат!
16. Сиздин жана компанияңыздын репутациясы сизге буйрутмаларды алып келет.
17. Жумушка жубайларды албаңыз. Бирөөнү урушсаңыз, экөө тең капа болот. Компанияңыз түптөлгөндөн тарта бул мыйзам болушу керек. Жумушта иштеп жүрүп баш кошкондор болот, бирок оюндун эрежелерин билгендер рахматын айтып бирөөсү сөзсүз жумуштан кетиши керек.
18. Олуттуу багытта жок дегенде эки адам иштейт. Минимум!
19. Качан сиздин акчаңыз калбай калганда баркыңыз дагы кетет. Мага ийгилик жылмайды, мындай болгон жок. Бирок көп компанияларды көрдүм. Өкүнүчтүү.
20. Бизнес- бул капитал чогултууга иштөө, айлык киреше үчүн эмес. Муну жакшы түшүнүңүз. Эгерде компанияңыз эч кимге кереги жок болуп, аны сата албасаңыз, демек сиз деле жалданма жумушчусуз, болгон жоопкерчилигиңиз көбүрөөк болот.
21. Жумушуңузда “тууганчыл” болуп “үй-бүлө” куруп албаңыз. Мен көптөгөн жылдар бою ушул багытта кеткем. Бул Японияда, Орусияда, дүйнөдө эч кимге кереги жок. Бул модель иштебейт. Сиздин кызматкерлериңиз акча табуу үчүн келет жана сиз да өз ишиңизди аткарып жатасыз. Болгону ушу гана.
22. Менин кызматкерлерим менден көп каражат тапкан күндөрү болгон. Бул оңой эмес. Бирок сиз нөлдөн баштап жатсаңыз, тилекке каршы бул чындык.
23. Бир этапка жеткенде башкалардын акчасына муктаж болосуз, себеби өзүңүздүн каражат жетпей калат. Ансыз өнүгүү болбойт. Сизге каражат сунуштагандарды тандоодо абайлаңыз. Акчанын жаман энергетикасы болот. Баарына абайлап мамиле кылыңыз, болбосо бир эле “туура эмес” доллар, эртең баардык акчаңызды алып коет.
24. Сиздин идеяларыңызга ишенишпесе – бул кадимки эле көрүнүш. Сиз өзүңүз ага ишенүүңүз керек. Себеби ишеним стратегия жаратат, ал эми стратегия максатка жеткирет.
25. Бизнесте эң маанилүү нерсе – бул интуиция. Бизнести жүргүзүү боюнча маркетологдор, социологдор, консультанттар жана башка адистер сиз бизнес баштап, ийгиликке жеткенден кийин гана керек болот. Чындыгында мен бул акылдууларга ишене бербейм. Адамдар туура кеңеш бериши мүмкүн, бирок сиз аны өзүңүз аркылуу өткөрбөсөңүз эч кандай жыйынтык чыкпайт.
26. Рынок бизнеске толо болсо дагы бир бизнес үчүн дайыма орун бар.
27. Акча жокпу, кызмат көрсөтүү тармагына барыңыз. Акча барбы – өндүрүштү тандаңыз.
28. Эч нерсе колуңуздан келбей койсо дагы, баарын кайрадан ак кагаздан баштаса болот. Себеби сиз 15-пунктту аткаргансыз да, туурабы?
29. Москвадан Токиого учуу үчүн учкуч, учак конструктору, технолог же учак чыгаруучу болуунун кереги жок. Жөн гана жүргүнчү болсоңуз жетиштүү. Сиздин иш – тараптарды бириктирүү, аны казуу эмес. Аутсорсинг. Бизде склад, завод, параход, стивдор, соода тармактары жок, биз болгону баарын бир чынжырчага байлап койгонбуз.
30. Учурда Кытайдын ички рыногуна товар ташый алган адам бактылуу. Биздин колдон келет. Кардарларды коңшу короодон эмес, дүйнө жүзүнөн издеңиз. Кытайдагы бир компаниянын эле өнүмү тарыхый деп аталган европалык 20 фирмадан көп. Борбордук жарманке аянтына барыңыз.
31. Позицияны кармап калуу үчүн өтө тез чуркоо керек. Өнүгүү үчүн болсо – күчүңдүн барынча чуркашың керек. Бул кооз аналогия. Бул чындык.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости