Министр белгилегендей, программаны ишке ашыруу боюнча планды бекитүү тууралуу буйрук бекитилди. Ал аз убакыттын ичинде коюлган маселелерди чечүүгө багытталган. Анда ата мекендик өңдүрүштү өнүктүрүү боюнча бизнес коомчулук берген сунуштар чагылдырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнестин өнүгүүсүнө тоскоолдук болгон маселелер талкууланды.
Экономика министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү долбоорунун алкагында негизги багыттар боюнча презентация уюштурду:
- чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
- ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү боюнча бирдиктүү институт түзүү;
–мамлекеттик органдардын функцияларынын бир бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү концепциясын иштеп чыгуу;
- Бизнести тейлөө борборлорун түзүү;
- чакан жана орто бизнести текшерүү эрежелерин жеңилдетүү;
- чакан жана орто бизнести колдоо фондун түзүү (стартап долбоорлор);
- айыл аймагында ишкерликти колдоо чараларын жакшыртуу (чакан жана орто бизнести колдоо программаларын иштеп чыгуу, адистикти жогорулатуу);
- ишкерлик тармакты өзүн-өзү башкарууга максималдуу түрдө өткөрүү;
- АРВ институтун күчөтүү;
Экспортту өнүктүрүү долбоорунун алкагында:
- экспортчуларды каржысыз колдоо куралдарын киргизүү (техникалык регламенттер, ХАССП, ISO);
- соода өкүлчүлүктөр институтун кайра жандантуу;
- электрондук коммерция долбоорун иштетүү;
- тышкы экономикалык операциялар боюнча электрондук лицензия киргизүү;
- экспортко багытталган жана жогорку технологиялык өнүмдөрдү насыялоо үчүн өзүнчө каржылык институттарды түзүү.
Инвестициялык саясат долбоорунун алкагында:
- “Инвестициялар тууралуу”, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” жана “Туризм тууралуу” КРнын мыйзамдарынын жаңы редакциясын кабыл алуу жана иштеп чыгуу;
- Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин статусун кайра карап чыгуу;
- “Бизнести жүргүзүү” улуттук рейтингин түзүү;
- андан аркы жеңилдетилген каржылоо үчүн кластердик долбоорлор боюнча сынактарды өткөрүү;
- венчурдук фондду түзүү (аймактардагы инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирүү);
- «Кыргыз Туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү.
Фискалдык чаралар долбоорунун алкагында:
- электрондук патентти киргизүү;
- виртуалдык склад системасын ишке киргизүү;
–пландык текшерүүлөрдү аудитордук компаниялардын аутсорсингине өткөрүп берүү;
–экономиканын текшерилбеген тармагынын көлөмүн кыскартуу боюнча жаңы планды иштеп чыгуу;
- экономикалык кылмыштарды декриминизациялоо.
“Таза коом” долбоорунун алкагында төмөнкүдөй реформалар киргизилет:
- бир өкмөт принцибин киргизүү (башка мамлекеттик органдарда бар документтер боюнча талап кылууга тыюу салуу);
- электрондук уруксат жана лицензияларды берүү;
- ар бир айыл өкмөтүндө маалыматтык күркөлөрдү киргизүү;
- мамлекеттик мүлк боюнча маалымат базасын киргизүү жана мекемелерди ижарага берүү боюнча онлайн – соодалашууларды жүргүзүү;
- мамлекеттик кызматтар порталын ишке киргизүү;
–электрондук шлюз киргизүү.
Министр А.Новиков программада каралган виртуалдык склад онлайн-режимде бизнестин тышкы соодаларды жүргүзүүсү жана салыктар жашырылбашы үчүн баалардын деңгээлин текшерүү боюнча түшүндүрмө берди.
Социалдык төлөмдөрдү администрациялоо боюнча пилоттук долбоорлор бар, бул жерде программалык камсыздоо маселеси болууда, андан соң ал Салык органынын функциясына киргизилет. Программанын экинчи максаты мамлекеттик функцияларды либералдаштыруу жана аларды бизнес жүргүзүүгө тартуу”,-деди министр.
Ишке аша турган «Таза Коом» улуттук программасынын алкагында коомчулук Өкмөт эмне кылып жатканын жана кандай чечим кабыл алгандыгынан кабардар болуп турат. Санарип өкмөттү түзүү үчүн документтер оцифровкадан өтөт. Тактап айтканда, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү порталдар ишке кирет. Веб-ресурс бизнеске мамлекет менен биргеликте иштөөгө мүмкүнчүлүк берет, ал өз кезегинде коррупцияны жоюуга жардам берет.
Кыргызстандагы бизнес-ассоциациялардын ролун жогорулатуу боюнча министр бизнес-коомчулуктардын ролун алардын санын эмес сапатын жакшыртуу аркылуу жогорулатуу керектигин билдирди.
Жалпылап айтканда бизнес коомчулуктардын өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Экономика министрлиги мындай жолугушууларды улантуу керектигин жана бизнес өкүлдөрү, министрликтер менен биргеликте талкууларды жүргүзүп туруу зарылчылыгын белгиледи.