• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Арсланбоб – түркүн түстөр аймагы

arstanbap-6

👁 2,873

Баардык жактардагыдай эле Кыргызстанда дагы 2 карама-каршылык бар.

Бир жагынан алганда бул аймак бейиштин төрүндөй эле кооз. “Арсланбоб” деген сөз “токойлордун падышасы” дегенди түшүндүрөт. Бул аймак 1000 жылдык өмүрү бар жаңгактары менен белгилүү! Элестетиңиз алар эмне деген доорлорду басып өтүшкөн!

Уламыштарды биринде Грецияга жаңгактарды дал ушул жерден улуу Александр Македноский алып барган деп айтылат, дал ошондуктан грек жаңгагы аталып калган. Грек жаңгактарынан сырткары бул жерде алмалар, алчалар, мисте дарактары бар. Айылдан 10 чакырым алыстыкта Дашман биологиялык коругу бар. Дал ошол жерде жыл сайын кызматкерлер алчаларды, алмаларды, жаңгактарды отургузуп турушат.

Бул жерде жаңгактан башка дагы мактанууга арзырлык жайлар бар: бул жерде кооз жерлер абдан көп, шаркыратмалар (Чоң жана Кичине), белгилүү Кызыл-Үнкүр ж.б. Тоолордун арасындагы аба Орто Азиядагы эң жагымдуу жана таза аба катары сыпатталып келет.

Фергана жана Чаткал тоо кыркаларында эң кедей кыштак жайгашкан, ооба кыштак, айыл эмес. Себеби аны бул жерде жашаган өзбектер дал ушундай атап алышкан. 20 миң адамдын 98%дан ашууну өзбектер.

Ю. Исламов атындагы мектептин директору Мырзабек Султанов айылдын аянты 32 миң гектар экенин билдирди. Баардык үй-бүлөлөр көп балалуу, балдар мектепте 2 смен менен окушат. Мектеп 624 окуучуга ылайыкталганы менен 1212 бала окуйт. Баардык балдар кедей үй-бүлөнүн балдары, себеби айылдыктардын 95%ы жумушсуз. Аялдар иштебей эле үйдө бала багып, огородун карап отурушат. Баары салтка баш ийип жашашат жана өзбек кийимин кийип жүрүшөт. Аялдар баштарына гүлдүү жоолуктарды салынышып, узун юбкаларды кийишсе, эркектер болсо халаттарды кийип жүрүшөт.

Кыштакта мечит бар, андан сырткары Кара-Үңкүр суусундагы көпүрөдө жайгашкан базар бар. Ушул суу борбордук аянтты, универмагды, жана автобекетти бөлүп турат. Дал ушул автобекеттен эркектер маанилүү маселелерди сүйлөшсө, келген кеткен туристтер эч качан асфальт деген эмне экенин билбеген жол менен жаратылыштын кооздугуна суктанып жөнөшөт.

Көптөн бери эле бул айылдын борборун арстандын эстелиги кооздоп турчу, бирок азыр аны шаркыратмалардын бирине алып барып салышкан. Балким дал ушундай кадам менен жергиликтүү бийлик туристтердин көңүлүн бурдургусу келгендир. Баса, балким көпчүлү эмнеге арстан деп таң калышы мүмкүн. Көрсө, башка бир уламыштарда “Арсланбоб” – “Арстандар дарбазасы” деп да которулат экен.

Чындыгында эле Арсланбобдун айланасын деңиз деңгээлинен 1600 метр бийик турган Бабаш-Ата тоосу курчап турат (4427 м.). Айылдын өзү деңиз деңгээлинен 1 километрдей бийик турат жана жазылыгы 300–500 метр.

Жалал-Абад облусунун борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан калктуу конушта 3 мектеп бар, ал жакта 85 мугалим жана 21 техкызматкер иштейт. Ошондой эле 1 оорукана, 1 бала бакча жана 1 ҮДТ бар. Ошондой эле совет мезгилинде эле курулган “Арсланбоб” пансионаты бар. Бирок ал жакта жумуш сезондо гана болот.
“Жергиликтүү тургундар айыл-чарбасы менен гана алек болуп келишет. Калк жыш жайгашкандыктан айыл тургундарына жер аз тийген. Ошондуктан картошка өстүрүү үчүн ижарага жер алган учурлар көп кездешет. Ошондой эле буудай, жүгөрү айдагандар да жок эмес. Акыркы убактарда сарымсак айдагандар да чыгууда. Тургундар тоолуу аймакта сарымсак жакшы түшүм берип, кымбат баага сатыларын билип калышты. Ал эми картошка эң жогорку баада өттү дегенди килограммы 10–15 сомдон гана болот. Картошка жакшы түшүм да бербей калды, совет маалында гектарынан 42 центнер алсак, азыр болгону 22 центнер болууда”,-деди жергиликтүү тургун Латифа Убайдуллаева.
Жергиликтүү тургун Бахамджан Шадиев менен да сүйлөшүп калдым. Анын жерлери арыктап кетиптир, себеби жер семирткич сатып алууга аларда шарт жок экен. Алар аны Базар-Коргондон сатып алышат экен. 1 кап (50 кг) селитранын баасы 1100 сом турат, аммофостун баасы 1300 сом. Мурда үрөндөрдү Россиядан алып келишчү жана минералдык жер семирткичтер дагы жетиштүү эле. Огороддорубузга болсо малдын кыгын себебиз. Бизде кык дагы аз. Малды жаюу бизге чоң түйшүк жаратат, себеби жайыттар жок жана чөп аз. Ошондуктан биз малды аз кармайбыз. Биз биогаз жабдууларынан алынуучу биогаз тууралуу жана органикалык жер семирткич тууралуу укканбыз, бирок биздин айылдын тургундары үчүн бул кыял”,-деди ал.

Айылдыктар түшүмдү мол алуу үчүн жакшы үрөн алууга аракет кылып келишет. Учурда «Арскок» деп аталган кыргыз-герман биргелешкен ишканасы картошканын үрөнүн күздүккө деп берүүдө. Ишкананын кеңсеси айылдын борборунда жайгашкан. Адамдар түшүмдүн жарымын «Арскок» ишканасына которуп беришсе, калганын Жалал-Абаддагы жана Базар-Коргондогу базарларда сатышат.

Айыл-чарба жумуштарынын көбү аялдардын жана балдардын мойнуна жүктөлгөн, себеби эркектердин 30%дан ашууну Казакстанда жана Россияда эмгектенип келишет. Калган эркектер дагы Жалал-Абадда жана коңшу райондордо жалданып иштешет.

Айыл тургуну Михлиё Мадрахимова айыл тургундары дайыма жаңгактарды чогултуп иштеп келишкенин билдирди. “Бул жерде токой чарбасын жалпылап иштетүү каралган, башкача айтканда, үй-бүлөлөр токойдун айрым бөлүгүн ижарага алышып, жаңгак чогултушат, Айыл өкмөтү план коюп берет. Бир бөлүгүн мамлекетке өткөрүп беришсе, калганын өздөрүнө калтырышат. (40%-мамлекетке, 60%-өзүнө). Жаңгактарды күзүндө базарда килограммын 50–60 сомдон сатсак, кышында 100 сомдон сатып келебиз. Жалал-Абаддан дүңүнөн сатып алуучулар келип, бизден алышып Россияга сатышат”,-деди ал.

СССР маалында жергиликтүү тургундардын көбү Киров атындагы токой чарбасында иштешкен. Учурда токойлордун кыйылуусу токойчулардын негизги көйгөйлөрүнүн бири. Жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеген Алтынай Маткеримова бул айыл дүйнөдөгү жаңгак токоюнун дарбазасы аталарын билдирди. Бирок ошол эле учурда бул жаңгак багын мыйзамсыз кыйгандарга дагы дарбаза экенин кошумчалап, өкүнүчүн билдирди.

Айылдыктар менен коштошуп жатып ичим ачышып турду. Сакалын жайкалткан жергиликтүү аксакалдарды, дайыма жылмайып турушкан аялдарды, балдарды таарынтып албаш үчүн тандырдан нан сатып алдымдагы Жалал-Абадга жол тарттым.

Муну менен эл окуя бүтүп калган жок. Айылдан келе жатсам үлпөт той өткөрүп жаткандар алдымдан хаммер жана автобус чыкты. Жаш жубайлар алар менен баруумду өтүнүп чакырып жатышканда “крутой” иномаркадан суу алуу үчүн ылайыкталган бидон жүктөлгөн эшек чыга калды. Суу ташып көнгөн эшек үйүнө жолду өзү эле таап кетет экен.

Ооба, жаңылбаптырмын – бул жер түркүн түстөрдүн аймагы. Кимдир бирөөгө той болсо, айрымдарына көр тирилик.

Көрүшкөнчө, Арасланбоб!

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости