Өкмөт башчы Сапар Исаков 17-мартта, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Араван районун Нурабад айыл аймагындагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Сапар Исаков атамекендик айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө тийиштүү шарттарды түзүү маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетти.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, жазгы-талаа иштери жагымдуу аба-ырайына байланыштуу Араван району боюнча белгиленген мөөнөттөн эрте башталып, жыйынтыктоого жакындап калды. Ал маалымдагандай, жазгы-талаа иштерине тийиштүү бардык маселелер ыкчам чечилүүдө.
Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга айыл чарба өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген шартта күйүүчү-майлоочу майларды берүү маселесин карап чыгууну тапшырды.
«Араван району жазгы талаа иштерин жүргүзүү боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишүүдө жана республиканын башка райондоруна үлгү болуп берди. Аны менен катар биз үчүн жазгы-талаа иштерин өлкөнүн бүткүл аймагында өз учурунда жүргүзүп алуу абдан маанилүү. Ал үчүн буга чейин профилдик мамлекеттик орган жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы селектордук кеңешмеде үстүбүздөгү жылы жазгы-талаа иштерин тийиштүү түрдө өткөрүү тууралуу менден бир катар тапшырмалар болгон», – деп белгиледи Өкмөт башчы жергиликтүү фермерлер менен жолугушуу учурунда.
Премьер-министр Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнүн жагымдуу тенденцияларын белгилеп кетти жана бул республиканын чектеш райондорун өнүктүрүүдө маанилүү өбөлгө түзөөрүн белгиледи.