Сөздөр, акча жана Куран. Кыргызстанда ким кантип арак сатууга тыюу салууда?
Кыргызстанда спирт ичимдиктеринен баш тартуу кампаниясы уланууда. Эмгекчил айылында жаштар уюмдары, молдолор дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатып алышкан. Жалпы баасы 2,5 миң долларды түзгөн спирт ичимдиктерин бульдозер менен талкалашкан. Учурда айылда арак сатылбайт жана жергиликтүү тургундар муну колдошууда.
Арак сатууга тыюу салуу Кыргызстанда жакында эле пайда болду. Бирок акырындык менен алыскы айылдардын көпчүлүгү спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууну колдоп келишүүдө. Мындай демилгени активисттер менен динди кармангандар көтөрүп чыгышууда. Алгач алар дүкөндөргө барышып соодагерлерге спирт ичимдиктерин сатуудан баш тартууну сунушташууда, себеби бул динге каршы келет. Бирок сөздөр менен эле баарына өз ойлорун жеткире албай келишет.
Жакындан тарта алкоголдук ичимдиктер менен күрөшкөндөр активдүүлүгүн көрсөтө башташты.
2017-жылдын июль айында активисттер түштүктөгү Жапалак айылынын активисттери жүздөгөн бөтөлкө арактарды жана пиволорду жок кылышкан. Жергиликтүү тургундар айылдагы спирт ичимдиктеринин баарын сатып алышып, аны таштандыга ыргытышып, үстүнөн бульдозер менен тебелетишкен. Буга 300 миң сомго жакын каражат кеткен. Эми Жапалак айылындагы дүкөндөрдө арак, пиво сыяктуу алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Ал эми аны саткан сатуучуларга 10 миң сомго чейин айып пул салынат.
Бул жумада ушундай эле акцияны Нарын облусунда өткөрүштү. Алгач алар дүкөндөрдөн алкоголдук ичимдиктерди сатып алуу үчүн 2,5 миң доллар де 165 миң сом каражат топтошкон.
“Биз үч ай мурун акча чогултуп баштаганбыз. Жаштар, карылар, чоң энелер, чоң аталар ар бири канча каражаты болсо берип жатышты. 100–200 сомдон бергендер болду, кой бергендер да болду. Спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотууну көздөп жатабыз”,-деди жаштар уюмунун башчысы Жаныбек Сопиев.
Акчалар чогулганда эрте менен эрте жашоочулар жергиликтүү дүкөндөргө келишип спирт ичимдиктерин сатып ала башташкан.
Көпчүлүк сатуучулар акция тууралуу билип, айрымдары товарын бекер эле беришти. Эң чоң соода түйүнүнүн ээси баасы 500 долларга жеткен арактарды бекер эле берди.
“Мен алардын идеясын колдойм дедим. Аллахка шүгүр, мындан ары алкоголдук ичимдиктерди сатпайбыз”,-деп сөз берди Болотбек Ажыбаев.
Бир нече тонна бөтөлкөлөрдү унааларга сатуу үчүн активисттер бир топ күч жумшашкан: ага 1 саттай убакыт кеткен. Бул окуяга күбө болгону келгендер да четте турбай жардамдашышкан.
“Арак бул жаман нерсе. Анын айынан менин балам гана эмес көпчүлүк тургундар да жабыркап келишет. Бул демилгелери үчүн жаштарыбызга рахмат! Эми аны башка сатышпайбы? Же сата беришеби?”-деп суроо салат Эмгекчил айылынын тургуну Насый Асанакунова.
Спирт ичимдиктери жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар айыл четине чыгып аны жерге төгүшүп, үстүнөн тебелетишкен. Эми алардын айылында арак-шараптар сатылбайт.
Бирок айрым айылдыктар мындай радикалдуу чаралар эч кандай жыйынтык бербейт деп санайт.
“Алар элдердин каражатына спирт ичимдиктерин сатып алышып аны талкалагандары күмөн жаратат. Адамдар мындай кадамга барууга даяр болгондой Кыргызстан бай өлкө эмес да. Бул каражаттарды жетим балдарга же аз камсыз болгондорго беришсе болмок. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү керек: ошондо гана алар арак сатып алышпайт”,-дейт Нарын облусунун тургуну Рудбек Абдраев.
Талкаланган айнектер жана кагаздар талаада калганын айта кетпесек болбос. Уюштуруучулар жакынкы убакытта таштандыларды тазаларын билдиришти.