Акция көптөгөн целофан баштыкчалар бутубузга чалынып жатканын көргөзүп, алардан арылууга багытталган. Жайкы жана жазгы жаратылыш бизге көп жылдар катары эс алуу менен бирге эле желим таштандыларды берип келет. Ал абдан көп болгондуктан кадимки көрүнүшкө дагы айланып бараткандай. Бирок кайдыгер карабаган шаар жана айыл тургундары ишембиликтерге чыгышып, өз аймактарындагы желим таштандыларды чогултуп келишет.
Алардын баары “тазалаган жер эмес, таштанды таштабаган жер таза” деп келишет. “балким жарандар желимдердин зыяндуулугу тууралуу көп маалыматка ээ болушса өлкөнүн келечегине тийгизген терс таасирлери тууралуу ойлонушаттыр?”-дейт Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү. Жылдыз Дүйшөнова.
“тазалык” муниципалдык ишканасынын өкүлү Гүлзат Кыдралиева болсо төмөнкүлөрдү айтты: “Биз желим таштандыларга кадимкидей көнүп калгандайбыз. Булар баштыктар, бир жолу колдонулуучу идиштер, таңгактар. Желимдер атайын жок кылынышы керек же кайрадан иштетилип чыгышы зарыл. Таңгактарды атайын таштанды таштоочу челекке ыргытуу керек. Себеби жаратылышта желимди иштетип, чиритип жиберчү организмдер, механизмдер жок”.
Желим таштандылар канчалык кооптуу? Бул суроого жооп табууга “БИОМ” экологиялык кыймылынын өкүлдөрү жардам беришти. Алар берген айрым маалыматтар.
Бүгүн салмагына карасак 30% жана көлөмү боюнча 50% таштандылар ар канадай таңгактар. Алардын 13% салмагын жана 30% көлөмүн желимдер түзөт. Желим жаратылыш үчүн накта азап болду.
Ар кандай материалдардын жаратылышта чириши:
–пахта материалы 1–5 ай.
- кагаз – 2,5 ай
- тамекинин калдыгы – 1–12 жыл
- полиэтилен баштыктары – 120 жыл
- айнек идиштер – 1 млн жыл
- желим идиштер, таңгактар — чирибейт
«Алейна» экологиялык уюмунун өкүлдөрү желимдин терс таасиринен кантип коргонсо болору тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтошкон. Бул учурда ар бир жаран жана үй кожейкеси үчүн маанилүү.
Желимден бөлүнүп чыккан диоксин жаныбарлар үчүн гана эмес адамдар үчүн дагы өтө зыян. КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги диоксин рак ооруларын, өзгөчө эмчек рагын чакырары тууралуу билдирген. Медиктер тамакты жылытуу үчүн желим идиштерди колдонбоону сунуштайт. Бул өзгөчө майлуу тамактарды микротолкундуу меште жылытууга тиешелүү.
КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан желимдин зыяны тууралуу берилген маалыматтар.
Суусу бар желим бөтөлкөлөрдү тоңдурууга болбойт. Көпчүлүк адамдар муздаткычтын тоңдурган жагында сууну муздатышат, бул туура эмес.
Эгерде колбаса, сыр, кесилген эттер желим идиште болсо аны албаш керек, эгер сатып алсаңыз анда туура сактоо кажет. Болбосо мындай азыктар туура эмес сакталса организмге терс таасирин тийгизет. Эгерде алар күндүн нуру тийген жерде сакталса аны балдарга такыр бербеш керек, себеби балдардын организми уулуу заттарды тез кабыл алат.
Желимдердеги уулу заттар жүрөк-кан тамыр ооруларын чакырат жана кант диабетине алып келет.
«Антицеллофан» акциясынын уюштуруучулары өлкө жарандарына айлана-чөйрөнүн тазалыгы өзүбүздөн көз каранды экенин эскертишет. Ал эми жаратылыш туризмдин өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөт.
Ал эми кыргызстандыктардын ден-соолугунун чың болуусу – өлкөнүн бюджетинин үнөмдөлүшүнө шарт түзөт.
“Желим таштандыларды кайра иштетүү өтө пайдалуу. Жабдууларды сатып алууга кеткен каражаттарды бат эле актайт”,-дейт «Альтернативатрейд» компаниясынын өкүлү Диана Видеман.
Стаистикага ылайык, ар бир кыргызстандык жылына 200 килограмм таштанды ыргытат, анын 5–6%ы желим таштандылар.
Ошондуктан желимдерди чогултуу жаратылыштын тазалыгын гана камсыз кылбастан, кыргызстандыктарга киреше дагы алып келет.
«Антицеллофан» экологиялык акциясы элдик акция.
Ирина Байрамукова