Учурда акыркы техникалык-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.
Ангрен Исфанадан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан. 2015-жылы жергиликтүү компаниялар мыйзамсыз көмүр казууга аракет кылышкан, анын баасы сезондо 7 миңге чейин чыгат.
Тажикстандан же Өзбекстандан чек ара аркылуу көмүр алып келүү жеңилирээк экенин билгенден соң аткезчилердин күнү туучудай.
Кыргызстандагы көмүр тармагы болсо СССР менен бирге өлүп калган. Шахталар жабылган, ал эми көмүрдү казуу аз-аздан жүргүзүлөт. 2016-жылы 762 тонна көмүр казылган. Мындан сырткары өлкөгө 100тоннадан ашуун көмүр алынып келинет.
Аны алыскы жактарга жеткирүү боюнча логистика жокко эсе, ошондуктан Баткен облусунда баалар эң жогору.
Баткен облусуна негизинен көмүрдү аткезчилик жол менен Согди облусунан ташып келишет, ал жер Борбордук Азиядагы ири көмүр кендеринин бири. Адистердин баасында ал жерде 905 млн тонна көмүр бар.
Демек салыштырып караганда айырма өтө чоң!
Жыл сайын аткезчилик жол менен Кыргызстанга көмүр алынып келинет. Февраль айында эле 450 кап менен аткезчилер кармалган. Учурда алар келерки кышка даярданып жаткан кездери.
Баткен облусуна кара алтынды ташуу маселеси чечилмейинче мамлекет миллиондорду жоготот, ал эми акчалар аткезчилердин капчыктарын толтуруп турушмакчы.