Британиялык аралдар оор мезгилдерди башынан өткөрүүдө. Европа биримдигинен чыгуу аларга арзан турган жок. Мындан сырткары, Лондон деңиз менен жүк ташууда камсыздандыруу бизнесин жоготууда. Мунун баары Россиянын айынан болууда.
Лондон Маллакк кысыгындагы жана Аден булуңундагы пираттарды каржылоо менен кемелерди камсыздандыруу баасын 0,005%дан 1%га, башкача айтканда, 2 миң доллардан 40 миң долларга чейин көтөрүүгө жетишкен. Бирок “Жаңы жибек жолу” долбоору иштеп баштагандан тарта британиялыктар үчүн оор мезгил башталды. Бул Таиланд- Мьянма- Лаос үч бурчтугунан Британияга, Голландияга андан соң Европага “чай” ташууга да тиешелүү болгон.
Россия Улуу Британиянын пайдасын тартып алууда, бул Тумандуу Альбиондун кызыкчылыктарына чоң сокку уруу.
“Москва, Берлин, Париж жана Пекин маданияттуу жол менен британиялыктардын кирешелүү бизнесин тартып алууда. Эми Лондон камсыздандыруу “бизнесинин” борбору боло албай калат. Россия, Кытай жана Европа темир жол менен жана унаа жол менен жүк ташууларды өздөрү камсыздандырышат”,-деп санашат эксперттер.
Британиялык премьер Тереза Мей Сергей Скрипальдын уулануусуна байланыштуу Россияга “чабуул” жасаган.
Бул материалдык каатчылыктан британиялыктар аралдарына жана офшорлоруна келген башкалардын капиталынын жардамы менен чыгууга аракет кылышууда. Британиялык аралда жашагандар тышкы капиталдардын кыймылсыз мүлккө салынуусун кош колдоп: “акчаларыңарды алып келгиле, алар жакшы сакталат” деп турушкан. Ал эми учурда иш тескерисинче жүрүп жатканда каражат маселелери толугу менен Британиянын пайдасына чечилет.
Улуу Британия Россиянын жарандарынын мүлктөрүнө арест сала башташкан. Бул тууралуу дүйшөмбүдө маалымат жыйынында Улуу Британиянын коргоо министри Гэвин Уильямсон билдирди.
“Шек жараткан кыймылсыз мүлктөргө арест салууга ордер берилди, буга байланыштуу Улуу Британияда жаңы мыйзам иштеп баштаган. Биздин максат – кандайча жол менен алынганы белгилүү болбогон мүлктүн баарын каттоого алуу, бул үчүн тиешелүү кадамдар жасалууда”,-деди Таллинде өткөн маалымат жыйынында Уильямсон журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Сергей ЖУКОВ