Маалымат жана массалык коммуникация департаменти 15-апрелден тарта бардык телеканалдарда артка саноочу система киргизилди.
Бул чечим Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, мамлекеттик жана жеке телеканалдардын жетекчилеринин, “Кыргызтелеком” ААКсынын, “РПО РМТР” ААКсынын жана Мамлекеттик байланыш агенттигинин катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды.
Эми телебайланыш берүү учурунда артка саноо системасы киргизилет. Бул алдынан өтүүчү жүгүртмө, телебаннер түрүндө, телеканалдардын каалоосуна жараша болот. Анда аналогдук телеберүү өчүрүлүп, санариптик көрсөтүүлөргө канча күн калганы тууралуу маалыматтар жазылат.
Жыйын учурунда телеканалдарга өз сигналдарын өркүндөтүү жана күчөтүү боюнча, сигнал берүүчү телемунараларды куруу тууралуу сунуштар берилди. Бул көрсөтүүлөр токтоп калбасы үчүн жасалды.