–Учурда 36 жаштамын. Төрт баланын атасымын. Туулган жерим Москва районун Беловодский айылы. Мектепти ошол жактан бүтүргөм.
Окууну аяктагандан кийин борбор калаабызга келип жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып, экинчи курска барып калганда соодага, ишкерликке кызыгып курстарга, тренингдерге катыша баштадым. Ал жактан достор, тааныштар биргелешип дистрюбитердик ишкана ачып, Алматы шаарына товар ташып алгачкы ишкерлик жолу башталды.
Алматы шаарынын суу чыгарган бир компаниясына иштеп, тажрыйба топтодум. Андан соң Шоро компаниясында иштеп, өзүмө көп пайдалуу сабак алдым. Адегенде жөнөкөй эле менеджер болуп киргем.Андан соң бир компаниянын жетекчиси болуп көтөрүлдүм. Ал жерден достор, тааныштар аркылуу Кытайга жол ачылды.
Башынан эле Кытайга болгон максатым ишкерлик менен алектенүү болчу. Анткени бизден барган дунган, корей улутундагы ишкерлер тез бутунан турганын байкачумун. Алар кылган ишти эмне үчүн кыргыздар кыла албайт деп изилдеп көрүүгө кызыктым. Ал жерден кийим алып биздин өлкөбүзгө жиберип иштеп жүрдүм.
Кытайлардын өз мүнөзү бар. Айрымдары айткан сөзүн аткарбай же убагында жасабай коюшат. Ошондон улам кытайлар иштеген фабриканы биз эмнеге иштете албайбыз деген ой пайда болду.
Бизде көпчүлүгү жаш балдардын кийимдери тигилет. Биздин кийимдер албетте, өлкөбүздөгү дүкөндөрдө, базарларда сатылат, андан тышкары Казакстан, Россияга экспорттолот.
Кытай Эл Республикасында, Гуанчжоу шаарында сегиз жыл жашадык. Башка өлкө, башка дин жана тил маселесинде тоскоолдук болду.
Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт дегендей, ата-энебизден алган терең тарбия, чыдамдуулук алдыга жетелеп жумушту так аткарып, чындыкты сүйлөп максаттарыбызга жеттик.
–Кытай эли менен кыргыз элинин кандай айырмачылыктарын байкадың?
–Айырмасы абдан чоң. 8–9 жыл жашап жүрүп кытай элин терең тааныдым. Алардын маданияты, менталитети өзгөчө. Ал жактан ишкерлик кылам деген адам сөзсүз түрдө биринчи тилди жакшы билиш керек. Кытайдын ар облусунда, ар бир провинциясында өзүнчө диалект. Түштүк-түндүк жагы бирин-бири анча жактыра бербейт.
Дүйнө жүзү боюнча Кытайдын экономикасы алдыда. Кытайда жабдуулар, сырье арзан, ошол эле жабдууларды бул жакка алып келип, өндүрүүчү катары иш алып барса өзүнө да, өлкөнүн экономикасына зор пайда келтирмек. Европанын, Американын, Россиянын баалары кымбат. Кытай менен иштешсе болот.
-Ишкерлик менен алектенсем деп бирок жол табалбай жүргөн жарандарга кандай жардам бере аласыңар?
— Биринчиден, адамдын жан дүйнөсү эмнеге жакын? Кайсы жагына шыгы бар? Эгерде сен жер менен мыкты иштей алсаң, жер айдатып иштетсең болот. Жүгөрү, семичке эгесиңби ошонун жолун табыш керек.
Соодага жакын болсоң кайсы тармагына кызыгасың, эмне сатсаң болот. Ошону такташ керек. Биздин кыргыздар газета ачсам болот деп гезиттин ишин алып кете албайт. Машина алып сатам деген миңдеген ишкерлер чыгат.
- Жаш ишкерлердин айтымында биздин өлкөнүн рыногу бош. Көп жаңы иштерди, бизнестерди баштаса болот дешет?
- Көп нерсе кылса болот. Чоң өндүрүштөрдү да кылса болот. Бир гана көйгөй идея бар, бирок аны өндүрүү кыйын. Рынокко алып чыгуу туура жолго коюлбай жатат.
Аны терип, кургатып, атын коюп патент алып, жабдууларды алып иштетип өзүнө келтирип таңгактап жасап сатса болот. Мисалы, чөптү чогултуп 1кг 100 сомго сатса болот. Ал эми аты коюлган, таңгакталган, иштетилген чөптүн 100гр эле 100 сомго сатса болот.
Кыргызстанда ушундай дары чөптөр менен алектене турган ишкер болсо чет өлкөгө дары чөптөрдү экспорттогон компаниялар менен кызматташы керек. Анан инвестор менен иштеши керек.
Бизде ишкерлер мынча жерим бар. Мейманкана салышым керек дейт. Жериңдин сметасы канна, канча жылга берилген, кызыл китеби кандай, кандай киреше табыш керек, ошого даяр болуш керек.
Биздин компаниябыз кыргыз бизнесмендеринин башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашып өнүгүшүнө зор салым кошууда. Бул жылдын күз айларында да Эл аралык Canton Fair – 2016 көргөзмөлөрүнө биздин бир топ ишкерлерибиз катышып келгенине күбө болдук…
Мисалы өнүккөн кытай өлкөсүндө жаш адистерди колдоп чет өлкөлөргө жөнөтүшөт. Ал адистердин Кытай өлкөсүнүн эртеңки гүлдөп өсүшүнө салымы чоң болот. Кыргызстандын экономикасы өтө жай өнүгүүдө. Мунун себеби башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашуубуз өтө аз. Тажрыйба алмашуу эле эмес чет өлкөлөргө барганда биргеликте иштөөгө инвесторлорго да жолугуп, биргелешип иш алып барууга жол ачылат.
Кыргыз ишкерлери бул жылы Кытай жеринде ѳтѳ турган Эл аралык Canton Fair – 2016 көргөзмөлөрүнө бир нече ирет барып келишти. Ишкерлер кытай өнөктөштөрүнө олуттуу сунуштар, даяр долбоорлор менен барышып, жемиштүү кайтышты. Буйруса бул ишкерлер сапарынын жемишин көрөөр күндөр алдыда.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА