–Соода өнөр жай палатасы былтыр 2016-жылы кандай иштерди аткарды?
- Соода өнөр жай палатасында мыйзамдын ченемдик укуктарынын негизинде бир топ иш-аракеттер жасалды. Бүгүнкү күндө палатада 938 мүчө бар, алардын 275и аймактык болуп эсептелет. Ошондой эле өткөн жылы 75 жаңы фирма жана компаниялар мүчө катарында тартылды. Мындан тышкары өндүрүшчүлөргө 10 миң 728 сертификат берилип, анын ичинен 2800 экспертизалык текшерүүдөн өткөн.
Чет мамлекеттер менен алака түзүү үчүн чоң масштабдагы иш-чаралар өткөрүлгөн. Мындай иш-чаралардын бири Анкара шаарында бизнес-форуму болгон. Ага Чех мамлекети, Араб Эмирлиги, Пакистан, Россия, Кытай, Казакстан, Германия, Иран жана Индия өлкөлөрүнүн катышуусунда өткөн.
Былтыр, апрель айында борбор калаа Бишкекте түрк тилдүү ишкерлердин форуму мыкты деңгээлде уюштурулган. 2016-жыл биз үчүн жакшы жылдардан болду. Анткени өнөктөштөрдү кеңейтүү үчүн жакшы шарттар түзүлүп, кызматташуу үчүн 12 өлкө менен келишим түзүлдү. Атап айтсак, Түркия, Грузия, Кытай, Чехия, Россия, Индия жана башка эл аралык уюмдар.
-Ишкерлердин ишин алдыга жылдыруу үчүн кандай аракеттер жасалууда?
–Ишкерлердин ишин илгерилетүү үчүн Эл аралык уюмдар менен келишим түзүп иштеп жатабыз. Тактап айтканда, бизнес чөйрөсүнө мыкты кадрларды даярдоого атайын тренингдерди жана бизнес ассоциациялардын ишмердүүлүгүн жогорулатууга семинарлар өткөрүлүп жатат.
- Палатада кандай көйгөйлөр жана кыйынчылыктар болуп жатат?
- ЕАЭБ киргенден кийин таза өнүмдү өндүргүлө деп айтты. Бирок органикалык продукцияны өндүрүп эле коюу эмес, аны сыртка чыгаруу үчүн сертификат жана өнүмгө тиешелүү документтерди даярдоо керек экен.
Бир сөз менен айтканда Кыргызстандан чыккан товарларды сыртка чыгарууга документ жетишпейт. Ошондуктан көп жакшы продукциялар экспортко чыкпай жатат. Биздин кээ бир фирмалар Россияга же Казакстанга кайрылууга мажбур болушуп, чоң чыгымга дуушар болушууда. Экинчи, маселе эт-сүт продукциясын сыртка чыгарууга ветеринардык сертификаттардын жоктугу тоскоолдук жаратууда. Айтылган көйгөйлөрдү өкмөт да негизги маселе катары карап жатат. Бул маселени чечүү үчүн ар бир облуска заманбап лабораториялар курулууда. Заманбап лабораториялар курулуп жатканы менен адистер жетишпей жатат.
Жакында болуп өткөн президенттердин жолугушуусунда Казакстан дагы жардам көрсөтөбүз деген пикирлерин айтышыптыр. Бул багытта кызуу иштер жүрүүдө. Анткени 2017-жылдын 12-августунда 18 жаңы стандарттар ишке кирет. Себеп дегенде, быйыл 12-августта Бажы союзуна киргенибизге эки жылдын жүзү болот. Эки жылдын ичинде керектүү лабораторияларды түзүп, сертификаттарды даярдап бүтүрөбүз деген милдет алганбыз. Жогоруда айтылган лаборатриялардын баардыгы ишке кирсе ата-мекендик өндүрүшчүлөргө, фермер, ишкерлерге көргөзгөн жардамыбыз болот.
- Фермерлерге лаборатория жана сертификат маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатабы?
–Фермерлерге керектүү маалыматтардын баардыгы берилүүдө. Мындан тышкары алар үчүн курстарды уюштуруп жатабыз. Март айында сүт продукциясын чыгарган 15тен ашык ишканалардын жетекчилери үч күндүк семинардан окуп кетишти.
- 2017-жылы кандай иштер аткарылат?
- Бул жылдын планында эң негизги маселе кризисттик абалдан чыгып, жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана ошондой эле кичи-орто бизнеске юридикалык-маалыматтык колдоо көрсөтүү.
Эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып баруу жана чет элдик соода өнөр жай палаталары менен тажрыйба алмашуу;
Соода өнөр жай палатасынын мүчөлөрүн окутуп, үйрөтүү үчүн семинар, тренингдердин санын көбөйтүү.
Ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет элдик ишкерлердин катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 21–25-сентябрга чейин “АгроПродЭкспо-2017”, 9–13-ноябрга чейин “Бишкек-2017” жана декабрь айынын 21–25не чейин “Жаңы жылдык белек-2017” көргөзмөлөрү өткөрүлөт. Мындан тышкары GIZ, JICA, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын катышуусунда соода өнөр жай палатасынын ишин алдыга жылдыруу максатында жана өлкө экономикасынын капчыгын толтурууга бир топ иш аракеттер жасалат.
Наргиза ӨМҮРБЕК кызы