Чүй облусунун Кемин районундагы «Талды-Булак сол жээк» алтын кенин иштеткен «Алтынкен» кыргыз-кытай биргелешкен компаниясынын ишине жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы өтө көп. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов билдирди.
Депутаттын айтымында, ушул мезгил аралыгында жергиликтүү тургундардан жүздөн ашык кат келди.
Нааразычылыктардын басымдуу бөлүгү жумушка орноштуруу жана маяна маселесине байланыштуу.
Эл өкүлүнүн билдирүүсүндө, келишим боюнча жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү калктан, ал эми 10 пайызы кытай тараптан алынууга тийиш.
“Мындай талап азыркыга чейин аткарылган жок. Кытай жумушчуларынын маянасы да 2–3 эсе жогору экен. Акция үлүшүнүн 40 пайызына ээ «Кыргызалтын» компаниясынын жетекчилиги да маселе чечкен жок. Тескерисинче, өздөрүнүн өӊ-тааныштарын жумушка орноштуруу менен алектенип калыптыр. Эгерде компаниянын өкүлү маселе чече албаса, анда айтсын, ал жерге чече турган адамды дайындайлы», — деди Жамангулов.