“Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 16-майда ЖКнын жыйынында ЖЭБ боюнча маселенин тамыры тереңде экенин билдирди. Айтымында, кеп аварияда, каражаттын кандай коротулганында эмес, иштин баары ЖЭБ үчүн алынган насыянын кандай шарттарда жана кимдин демилгеси менен алынганында.
“Эксимбанктан” насыя алуу кимдин демилгеси болгон? Насыянын пайызы көп, ал эми мөөнөтү аз болгон. Бул каражаттар 2 пайыз менен шарты татаал коммерциялык банк аркылуу алынган. Биз буга чейин үстөгү 0,75 пайыздан ашпаган насыя алып келгенбиз”,-деди депутат. Ошондой эле эл өкүлү бул маселе боюнча жоопкерчилик эң биринчиден Сапар Исаков менен Тышкы иштер министрлигинде экенин кошумчалады. “Күч органдары иликтөөнү башынан баштаңыздар. Кеп аварияда эмес. Кеп акчанын келишинде, кандай сүйлөшүүлөр жүргөнүндө. Бул боюнча ишти ТИМден баштаңыздар, андан соң Сапар Жумакадыровичке андан кийин келип отуруп парламентке жетесиңер. Ошондо туура болот”,-деди Сулайманов.