• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Алтынай Солтонбек: Коомчулук аялдардын жөндөмүнөн дайыма күмөн санап келет

15902735_1345523975520663_1652250192_o

👁 1,330

ЭКОНОМИКА үчүн арабызда жашап өзүнүн сүйүктүү иши менен алек гана болбостон башкаларга үлгү болгон адамдар тууралуу жазуу жакшы эрежеге айланды.

Бүгүн өзүнүн тарыхын кызыктуу адам жана өз ишин өтө сүйгөн Алтынай Солтонбек айтып бермекчи.

15934513_1345525362187191_367994040_n

Салам баарыңарга, менин атым Алтынай Солтонбек. Менин жашым 38де жана 3 балам бар. Менин жашоомдогу оор күндөргө карабастан мен өтө бактылуу адам экенимди айткым келет.

Менин башыман өткөргөн күндөрүмдү билгиси келгендер болсо, кош келиңиздер! ))

Мен 1978-жылы жазында туулгам. Ата-энем мурунку СССРдин азыркы Кыргызстандын жөнөкөй жарандары. Көпчүлүк эле үй-бүлөлөргө окшоп 90-жылдардагы кыйынчылыктарды көтөрө албай, алар ажырашып кетишкен.

Апам бизди, 3 баланы атамдын жардамысыз, жалгыз чоңойткон. Биз өлкөдөгү эң жакшы ЖОЖдордо окудук. Мен АУЦАнын журналистика тармагын аяктагам.

Бирок мен өз кесибим менен көтөрүлө албадым, себеби тарбия салттуу-кыргызча болгон. Келечектеги кайненем дароо эле алардын үй-бүлөсүнө журналисттердин кереги жок экенин айткан! Менин чоң катам аларды угуп, алардын каалоосуна тиземди бүгүп бергеним болду! Бирок азыр өкүнбөйм.

Дароо айта кетейин, менин бул моюн сунуумду эч ким баалаган жок. Ошентип мен 3 баланы (2 уул, 1 кыз) төрөп үй кожойкеси болуп калдым. Балдар менен өткөргөн убакыт баасыз жана ал үчүн Жаратканга ыраазымын.

Менин тарыхым көптөгөн кадимки кыргыз үй кожойкесиникине окшош.

Менин жумуш табууга болгон аракетиме жолдошум дайыма каршы чыгып келген.

Мен бат тил табышкан адам болгондуктан биздин өлкөбүздүн коомдук жашоосуна тартылып кеттим. 7 жылым бир саясий партиянын ишмердүүлүгүнө кетти. Ал жактан мен көп досторду таптым жана жашоомо тажрыйба топтодум. Ар кандай интригаларга жана эки жүздүүлүккө туш болуп ал жактан кетүү чечимин кабыл алдым.

Баарында эле болгондой жолдошум мени башкага алмаштырган күндөр болду, анын тарабынан басмырлоого туш болдум. Анын натыйжасында мен айына үчүнчү уулумду жетпей төрөдүм жана уулумдун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду.

Бул менин жашоомдогу чоң сокку болду жана мен эмнеге жашап жүргөнүм тууралуу ойлоно баштадым. Эмнеге ушунун баарына жол бердим деп ойлондум.

Кийинки 10 жылда бул суроолорго жооп издеп, абдан катуу аракет кылдым.

Учурда мен өзүмдү таптым. Мен эркин болуп калдым. Мен жашоодогу жолумду башынан баштай албасам дагы башка багытта баштоодон коркпойм.

Менин жашоом өз колумда экенин түшүндүм жана натыйжадан, жоопкерчиликтен коркпостон чечим кабыл алуу менин гана колумда экенин билдим.

Өз кылгандарым үчүн жооп берүүгө даярмын. Бул жылдар аралыгында тапкан эң негизги жообум ушул. Учурда өзүм үчүн сыймыктанам жана бул үчүн кудайга жана тагдырга ыраазымын! Мен эмнени кыялдансам баары бар.
Мен жаркылдаган, таланттуу, сүйүктүү 3 баланын энесимин.

«Saman» деп аталган курулуш компаниянын негиздөөчүсүмүн, бул тууралуу акыркы 2 жылда кыялданып келгем. Максатыбыз – “жашыл” куруучулукту өнүктүрүү. Эко-үйлөрдү куруу.

15966752_1348842071855520_2043698479_o

Кыйынчылыктар коомчулук аялдардын жөндөмүнөн дайыма күмөн санап келгенинде, өзгөчө куруучулук тармагында!

Мени эч ким колдогон эмес, керек болсо апам дагы.

15943145_1348844238521970_709551764_o15934107_1348845315188529_576264765_o

Мен акча издедим, байкемен, жолдошумдан алдым. Башат үчүн мага 100 000 сом жетиштүү болду. Бир нерседен баштоо керек эле, мен чечкиндүү болдум.

Эң биринчи долбоор Нурлан Кулчтун үйү болду. Ал өзү дизайнер жана өз колу менен өз үйүн башынан аягына чейин курду. Абдан ыңгайлуу. Болгону 36 чарчы метр. Баары абдан функционалдуу жана мыкты иштелип чыккан.

Учурда биз дагы бир нече тапшырык алдык, бул жыл аягына чейин жетиштүү деп ойлойм.

Мен КРнын ар бир жараны экологиялык жактан таза турак-жайга ээ болсо деп кыялданам.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости