• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Алтынай Өмүрбекова: Жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен камсыздоо маселесин чечүү иштерин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи

1

👁 502

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Калкты социалдык коргоо жана балдар укуктары боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Белгилүү болгондой, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын 2015–2017-жылдарга карата калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу аяктады. Бул программанын артыкчылыктуу багыттары катары – оор жашоо шарттарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди социалдык коргоо, ошондой эле аларды коомго натыйжалуу интеграциялоо максатында аларга жеткиликтүү жашоо чөйрөсүн түзүү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планын аткаруунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады.

Вице-премьер-министр балдар жана жатак үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн интернаттан кийинки коштоо маселесин чечүүдө тутумдуу мамиленин жоктугуна өзгөчө басым жасады. Ал жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен камсыздоо маселесин чечүү иштерин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Координациялык кеңештин буга чейинки жыйындарынын протоколдорунун тапшырмалары, бул багыттагы Өкмөттүн чечимдери тиешелүү түрдө аткарылбай жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын 2015–2017-жылдарга карата калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Программасын ишке ашыруудагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетишсиз иши көрсөтүлдү.

Соңунда вице-премьер-министр бир катар тапшырмаларды берип, анын ичинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына мампрограмманы тийиштүү түрдө аткарбаган жооптуу аткаруучуларга карата чара көрүү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости