• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Алтын сатып алуу пайдалуубу же?

zoloto-slitki-slitok-kyirgyizskogo-proizvodstva-1

👁 3,385

Баардык эле їй-бїлєлєрдїн келечекке кєп акча чогултууга мїмкїнчїлїгї жок, анткен менен кимдин мындай шарты болсо, тємєндєгїдєй суроо жаралат: аны эмнеге салган пайдалуу? Албетте, чогулткан акчаўды жоготкуў да келбейт, мїмкїн болсо аны кєбєйткїў келет.

Салт боюнча адамдар єздєрїнїн чогулткан акчасына алтын сатып алганды ишенимдїї ыкма деп эсептеп келишкен. «Экономика» газетасынын редакциясы чындап эле алтын сатып алуу їй-бїлєнїн чогулткан акчасын єз баасын жоготуудан коргой ала тургандыгын тактоону чечти. Ошондой эле – мїмкїн болушунча Кыргызстанда алтынды кантип тапса болот жана аны кийин кантип сатуу керек?

Алтындын баасы кескин тємєндєп кетиши мїмкїнбї?

Алгач алтындын баасы жана ал канчалык туруктуу экендиги тууралуу. Алтындын рыноктогу баасы Кыргызстанда аныкталбай тургандыгын айтсак, чоў чындыкты ачкан деле болбосок керек. Єлкєнїн ичиндеги алтынга болгон талап бул баага эч кандай таасир эте албайт. Алтындын баасы эл аралык биржаларда бул металлдын эбегейсиз кєлємдє – кїн сайын тонналаган жана ондогон тонна соодасынын натыйжасында аныкталат. Анын жыйынтыгында кїн сайын маалымат агенттиктери ушул кїнгє тїзїлгєн бааны билдиришет – ал жеке соодага жана мамлекет їчїн да рыноктук деп эсептелет.

Акыркы жылдары алтындын рыноктук баасы єтє деле кескин єзгєргєн жок. Ал «трой унциясына» (31 граммдын тегереги) 1100 – 1200 доллардын тегерегинде болууда. Алтындын дїйнєлїк баасына кєп факторлор таасир этет – валюталардын баасы, бїткїл дїйнєдєгї саясый кырдаалдар, экономиканын жалпы абалы жана башка жагдайлар. Бул факторлордун бирин да алдын ала божомолдоп айтууга мїмкїн эмес. Ошондуктан алтын сатып алгандардын баардыгы тобокелчиликке барышат. Эгер алтындын баасы кескин тємєндєп кетсе эмне болот? Тєрт жыл мурда алтындын баасы кыска убакыт унциясына 1800 долларга чейин кєтєрїлгєн. Сиз ошол учурда алтын сатып алып, кийин ошол баага сата албай калганыўызда єзїўїздї кандай сезериўизди элестетип кєрїўїзчї.

Башка жагынан караганда, кєпчїлїк аналитиктер келечекте алтындын баасы кескин тємєндєп кетїїсїн элестетїї єтє кыйын экендигине басым жасашууда. Эмнеге? Анткени азыр дїйнє жїзї тынч эмес: Сирияда согуш, террорчулук жана башкалар. Ал эми туруксуздук учурунда инвесторлор дайыма алтын сатып алышат – себеби аны улуттук валюта же баалуу кагаздарга караганда ишенимдїїрєєк салым деп эсептешет.

Алтынды каерден сатып алуу ыўгайлуу?

Эгер сиз їй-бїлєлїк капиталыўызды сактоо їчїн акчаўызды алтынга салууну чечсеўиз, анда зер буюмдарын сатып албаўыз. Себеби аларда ювелирдин жумушу їчїн єтє кєп баа коюлат. Эгер сиз кийин зер буюмдарын ломго тапшырууну чечсеўиз, анда аны зер буюмдун эмес, алтындын єзїнїн баасы менен кабыл алышат. Ошентип эки жана їч эсе жоготууга учурап калышыўыз мїмкїн.

Узак мєєнєттїї инвестиция їчїн алтынды эл аралык рынок баасына жакын наркка жакын суммага сатып алуу керек. Азыр алтындын дїйнєлїк баасы трой унциясы їчїн 1250 доллардын тегерегинде аныкталган, бул болжолдуу тїрдє 1 грамм таза алтындын баасы 40 долларга жакын дегендик.

Кайсы алтын буюмдарды алтындын ушундай баасына сатып алса болот?

Биринчиден, алтынды «Кємїскє базарда» («черный рынок») сатып алса болот. Аны адатта эреже боюнча (дїйнєлїк баадан бир аз арзаныраак) Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука райондорундагы, ошондой эле Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунун (мисалы, Нарындын жанындагы Эмгекчил айылынын) мыйзамсыз «алтын» єндїрїїчїлєрї сатышат. «Экономика» єз окурмандарын мыйзамды бузууга чакырбайт, болгону чындыкты айтып коюшубуз парз: биздин єлкєдє алтындын чоў мыйзамсыз рыногу бар. Биз албетте, мындай сатып алуулар чоў тобокелчилик менен коштолорун эскертип коюшубуз зарыл: сатуучу алдап коюшу мїмкїн (сиз милицияга барып арыздана албайсыз да), бул сооданы «калкалаган» милиция же УКМК кызматкерлери тарабынан уюштурулган тузакка тїшїп калышыўыз мїмкїн. Анда алтын эмес, акчаўыздан да кол жууп каласыз.

Мыйзамсыз алтын сатып алуудагы дагы бир кєйгєй, аны кийин сатууга байланыштуу болот. Анда сиз мыйзамсыз лом же алтын сатып алуучулар менен иштешесиз. Бул канчалык коопсуз болору белгисиз.

Алтынды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан ишенимдїї жол менен сатып алсаўыз болот. Ооба, таў калбаўыз: єлкєбїздїн Улуттук банкы жарандарга алтын куймаларды тїз сатат. Мында эў жакшысы, ал сатып алуучудан паспорттон башка эч кандай документ сурабайт. Ал тургай эгер єзїўїз «кєрїнгїўїз» келбесе, анда алтын сатып алууга каалаган башка адамыўызды да жиберсеўиз болот.

Улуттук банк алтынды куйма тїрїндє – эў кичинесинен (1,2,5,10 грамм) баштап, чоўураагына чейин (эў чоў – 100 грамм) сатат.

«Экономика» инвестициялык максат їчїн 100 граммдык куймаларды сатып алуу пайдалуу болорун аныктады. Себеби алтындын баасы кичинекей куймада рыноктогуга караганда бир топ жогору болот: бул тїшїнїктїї, анткени кичинекей куйма – негизинен зер буюм. Аны жасоого кеткен жумуштун баасы да жогору. 100 граммдык куймалар Улуттук банк тарабынан дээрлик дїйнєлїк баада (айырма 3%дан ашпайт) сатылат.

Кызыктуусу, Улуттук банк єздєрї мурда саткан куймаларды кайра сатып алууга даяр. Албетте, алтындын ошол учурдагы баасы менен. Банк єзї мындан эч кандай пайда кєрбєйт, бирок азыркы єлкєбїздїн жетекчилигинин саясаты ушундай: алар жарандар жергиликтїї банктар аркылуу инвестиция жасоону їйрєнїїсїн каалашат.

Куйманы сактоо їчїн кайсы бир коммерциялык банкта кутучаны ижарага алып, алтынды ошол жакка коюп койсо болот. Албетте, 2010-жылдын апрель окуясынан кийин «революционерлер» кєптєгєн бишкектик банктардын сейфтериндеги кутучаларды бузуп, талап-тоноп кетишкен соў, кєпчїлїгї банктарга їй-бїлєлїк байлыгын сактоого ишенбей калышкан. Ошондуктан алтыны бар кєпчїлїк їй-бїлєлєр аны їйїндє эле сактоону артык кєрїшєт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости