–Алтын куймалары менен инвестицияны сактоонун өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы эмнеде?
–Баалуу металлдын өзгөчөлүгү анын валюта рыногундагы туруксуз мезгилде көпчүлүк инвесторлор өзүнүн каражатын бир аз стабилдүү металл менен сактоо аракетин көрүшкөндүгүндө. Айрыкча, алтындын курсуна басым кылынат. Ал реалдуу өндүрүш тармагында: микроэлектроника, зергерлик иш, медицинада жана башкага керектелет. Ошондуктан, баардык баалуу металлдарда жалпысынан акчаны сактоонун жогорку ишенимдүүлүгү бар.
Алтын куймасын инвестициялык ыкма катары колдонуу үчүн аны кайра сатып алуу жагы Улуттук банк тарабынан эске алынган. Кайра сатуу ыкмасы бул продукка болгон суроо талапты жогорулатып, үнөмдөөчү продуктынын альтернативдик жолу катары таанылып, алтын куймаларынын жогорку ликвиддүүлүгүнө алып келүүдө.
–Алтын куймалары элдин акчасын сактап бере алабы?
–Алтындан даярдалган 100 грамм салмагындагы куймалар сертификаты менен кошо, өзүнчө кутучуларга жайгаштырылат. Ал эми салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммда өлчөнгөн куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып таңгакта чыгарылат. Бул таңгак анын сертификаты болуп эсептелинет.
Өлчөнгөн алтын куймаларды талаптагыдай сакталыш коопсуздугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк 31,1035 жана 100 грамм салмагындагы өлчөнгөн куймаларды сактоого алуу боюнча жеке адамдарга жана юридикалык жактарга тиешелүү кызмат көрсөтөт. Өлчөнгөн куймалар Улуттук банктын Борбордук жана областтык башкармалыктарынын жүгүртүү кассалары тарабынан кабыл алынат.
–Кыргызстан канча жылдан бери алтын куймаларын сата баштады?
-Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын 7-майынан тартып 999,9 пробасындагы жогорку сапаттагы, салмагы 100 граммдык кыргыз алтынынан жасалган жана салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммдык өлчөмүндөгү, таңгакка бекитилген казак алтынынан даярдалган өлчөнгөн куймаларды сатыкка чыгарып баштады. Азыркы учурда ААК «Кыргызалтын» аффинаж заводу 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 грамм өлчөмүндөгү майда алтын куймаларды өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, 100 граммга чейинки алтындын өлчөнгөн куймаларын Казакстандын зерканасынан өндүрүлүп жатат.
–Бүгүнкү күнгө чейин канча алтын куймалары сатылды?
–2015-жылдын 7-майынан тартып 2017-жылдын 5-июнуна чейин Улуттук банк тарабынан жалпы суммасы 467,2 млн сомго массасы 167,47 кг болгон 3 817 даана өлчөнгөн алтын куймалары сатылды.
-Алтын куймаларын сатуу жана сатып алуу процедуралары кандай?
- Өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу, накталай жана нак эмес эсептешүүлөр аркылуу Улуттук банктын Борбордук жана облустук башкармалыгынын жүгүртүү кассаларында жана аталган банктын атайын лицензиясына ээ болгон комерциялык банктарда жүргүзүлүүдө.Ошол кассаларда коюлган пост-терминалдар аркылуу банк төлөм карталарын колдонуу менен дагы ишке ашырса болот. Алтын куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу жумушчу күндөрү, күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын кеңсесинен төмөнкү даректер боюнча ишке ашырат.
- Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101, тел. (312) 66−91−41; 66−92−31
- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 119, тел. (3222) 2−12−07; 2−12−20
- Жалал — Абад шаары, Эркиндик көчөсү, тел (996 3722) 5−27−72; 5−03−15;
- Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 265, тел.: (996 3922) 5−12−47; 5−12−58;
- Нарын шаары, ЖамгырчыуулуАбаскөчөсү, 6, тел.: (996 3522) 5−04−71; 5−04−69;
- Талас шаары, Фрунзе көчөсү, 291, тел.: (996 3422) 5−23−77; 5−20−77.
-Алтын куймаларынын баасы канча?
–Аффинаждалган алтын өлчөнгөн куймаларын сатуу жана сатып алуунун баасы күн сайын Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксинги боюнча АКШ долларынын сомго карата расмий курсуна ылайык аныкталат. Алтын куймаларынын күн сайын аныкталган баасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтындагы «Банктык өлчөнгөн куймалар» бөлүмүнөн таанышууга болот.
-Чет элдиктер сатып алса болобу?
–Алтын өлчөнгөн куймасын кайра сатып алууда, сатууда чектөөлөр жок. Аны чет элдик жарандар да сатып алып, сыртка алып чыгууга укугу бар.
Белгилей кетсек, алтын эч качан бузулбайт, дат баспайт, эрибейт жана сынбайт. Эгер сиз 100 грамм металлды сатып алсаңыз, ал 50 жылдан кийин дагы өз баасын жоготпой тургандыгы анык. Бүгүн бир валюта үстөмдүк кылып келсе, эртең башкасы, ал эми анын эртеси өлкө жок болуп, мамлекеттин акча белгилери эч кандай маани бербей калышы мүмкүн.
Наргиза Өмүрбек кызы