Айрым учурларда карызга кимден акча табарыңды билбей каласың, ал эми ар бир райондордо микрокредиттик уюмдардын өкүлчүлүктөрү бар. Пайыздык ставкаларын көргөндө чачың тик турат: алар жылына 35%га жетет.
Банктардан жана микрокредиттик уюмдардан алынган акчалардын кайтарымдуулугу тууралуу маалымат алып жатып айылдыктардын баары аларды кандайдыр бир жолдор менен кайтарып берери тууралуу билдик. Бул финансылык уюмдардын өкүлдөрү ал байкуштар каражаттарды кантип кайтарып жатышканын таң.
Бул түшүнүктүү, бул биздин менталитет, бирок насыяларды жабуу үчүн кайдан каражат табышат, асмандан жаабай эле да? Бир бөлүгү кошумчанын эсебинен жабылса, калганын кимдир бирөөлөрдөн же кайсы бир жерден карыз алышат.
Ушул “кайсы бир жер” насыялык институт же расмий эмес насыя компаниясы болуп саналат. Себеби акча карызга берилип жатпайбы, эмнеге аны дайыма, кыска убакытта жана аз пайыз менен берип турса болбосун жана эң башкысы – кайтарымдуулук кепилдиги менен. Бул бардык тараптарга пайдалуу.
Мыйзам (КРнын 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдардын редакциясында) төмөнкүдөй аныктама берет: Насыялык биримдик – бул насыялык биримдиктин мүчөлөрүнүн каражаттарын бириктирүү жолу менен өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтчү жана финансылык кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде банк ишиндеги ислам принциптерине ылайык каржылоону максат кылган кооператив түрүндө түзүлгөн насыялык уюм.
Жалпылап айтканда, насыялык биримдик өзүнүн мүчөлөрүнө насыя берген кооперативдик каржылык мекемелер аталат. Анын мүчөлөрү биримдикти түзгөн жана аны башкарган адамдар болуп саналат. Эрежеге ылайык, насыялык биримдиктердин мүчөлөрүн жалпы кызыкчылык бириктирип турат – алар бирге иштешет, чогу жашашат жана башка.
“Насыялык бирикмелер тууралуу ”КРнын мыйзамына ылайык, насыялык биримдиктердин негизги максаты: каражаттарын бириктирүү менен мүчөлөрдү насыя менен камсыз кылып, алардын талаптарына жооп берүү; ишмердүүлүктү башкаруу үчүн мүчөлөрдү тартуу; каржылык жардам көрсөтүү.
Белгиленген мыйзамдын негизинде насыялык биримдик алгач Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусу керек, ал төмөнкү иштерди жүргүзүүгө укук берет:
1) Өзүнүн катышуучуларынын акча каражаттарын сактоо үчүн тартуу;
2) насыялык биримдиктин катышуучуларына тез, кайтарымдуу шарттарда насыя берүү
Насыялык биримдиктер мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын 10 же андан ашуун резидент-жактарынын катышуусунда түзүлөт. Алар:
1) аткарган иши боюнча же кесиби боюнча жакын, болбосо бир иш берүүчү менен иштешишет;
2) бир же жакын жайгашкан калктуу конуштарда же бир райондо жашашат.
Артыкчылыктары жана кыйынчылыктары
Насыялык биримдиктердин кандай плюстары бар: 10 же андан ашуун адам чогулуп, башкаруучуларды, насыялык комитетти, текшерүүчү комиссияны тандашып, арыз жазып, насыялык биримдикти мамлекеттик каттоодон өткөрүшүп, лицензия алышат.
Айрымдарга насыялык биримдиктер өтө чакан жана алсыз көрүнүшү мүмкүн. Бирок дал ушул нерсе насыялык биримдиктердин артыкчылыгы. Себеби кооперативдер (насыялык биримдик кооперативдин бир түрү болуп саналат) уюштуруучулук жактан эффективдүү:; катышуучулардын арасында маалымат айкын, ал эми процедуралар болсо тез жана жөнөкөй. Насыялык биримдиктер насыя берип жаткандыктан алар биримдиктин ээси болуп саналышат, ошондуктан коркунуч азыраак болот.
Бирок кыйынчылыктар бар:
Биринчиси – Насыялык биримдиктерди түзүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлгөндүктөн, сакталган каражаттардын жалпы суммасы Улуттук банк коюп бергенден аз болсо анда насыялык биримдик жоюлуп кетет;
Экинчиси-Лицензия алуу бюрократиялык тепкичтерди басып өтүүнү талап кылат;
Үчүнчүсү – Улуттук банк тарабынан мониторинг жүргүзүлөт;
Төртүнчүсү – Насыялык биримдик 10 же андан ашуун адам топтолгондо гана тузулөт.
Кыргыз Республикасынын насыялык биримдиктер тизмесинде 2017-жылдын 31-январына карата 116 биримдик катталган. Бул бизде 2000 айылды бириктирген 453 айыл өкмөтү бар экенин эске алганда өтө деле көп эмес.
Насыя берүүчү башка мекемелер тууралуу сөз кыла турган болсок, айрымдарына аныктама берүү дагы кыйын. “Черная касса” тууралуу түшүнүктүү, бирок кесиптешим Кайыңды шаарындагы расмий эмес насыя берүүчү жай тууралуу айтып бердим (уюм деп айта албай турам, анткени ал каттоодон өткөн эмес). Аны тажиктер түзүшүптүр, негизги акча берүүчү бай тажик аял экен. Анын өз бизнеси бар имиш.
Тажик диаспорасынын бир нече өкүлдөрү фонд түзүшүп, жердештерине жарда берүү үчүн азыраак пайыз менен карызга акча беришет экен. Пайыздардан түшкөн дивиденд алгачкы капиталды түзгөндө, алар өздөрү кошкон каражатты алышып, достук бүгүнкү күнгө чейин уланып, мүчөлөрүнө жардам берип келет экен.
Бул учурда жакшы жактары көп. Биринчиден лицензия алуунун кереги жок – фонддун минималдуу каражаты боюнча чектөө жок, салыкка туш болбогон бейрасмий биримдик, бул жашыбы же жаманбы талаш маселе.
Эл аралык практика, жакында эле болгон финансылык кризиске байланыштуу насыялык биримдиктер “банк иши” жана адамдык сапаттар биргеликте иш алпара аларын, ал эми насыялык биримдиктердин мүчөсү болууну каалагандар кризис учурунда көп болгонун көрсөттү.
Жалпылап айтканда кыргыз мыйзамдары насыялык биримдиктерге карата либералдуу – түзгүлө, лицензия алгыла, акча чыгаргыла жана айылдаштарыңарга, кошуналарыңарга акча берип тургула.
Эгерде сиз башка түрүн ойлоп тапсаңыз – баракелде- бул эң жакшы, себеби мыйзам менен чектөө киргизилбеген нерсе болсо, демек тыюу салынган эмес.
С.Молдогазиева