Азык-түлүктөр базар баасынан 20%га арзан алынып келинген.
Маалымат
Мамлекеттик резервдик фонд – атайын акча фонду, ал каражаттар өлкөнүн кирешеси азайып кеткен учурда же/ жана мамлекетте муктаждык пайда болгондо мамлекеттик бюджетти бир калыпта кармап туруу үчүн колдонулат. Мындай фонддордун расмий аталышы ар кандай болушу мүмкүн. Көп колдонулганы – турукташтыруучу фонд.
Резервдик фонддор бюджети конъюнктурных фактордон, башкача айтканда чийки заттын дүйнөлүк баасына өтө көз каранды болгон мамлекеттерде түзүлөт. Мындан сырткары айрым өлкөлөр мындай фонддорду жер казынасы азайып калганда колдонуу үчүн ачышат.
Балким коңшу Алма-Атада доллардын курсунун жогорулап жатканына байланыштуу Казакстандын айыл-чарба башкармалыгы даярдыктарды көрүп жаткандыр?
Биздин мамлекетте болсо турукташтыруучу фонд түзүү боюнча бир нече жолу айтылган. Кыргызстанда болгону Кыргыз-орус фонду жана ЕАЭБдин антикиризистик фонду бар. Бирок азык-түлүк кооптуулугу пайда болсо ушул фонддор канчалык деңгээлде каралашып, азык-түлүк коопсуздугун канчалык деңгээлде камсыз кыла алат болду экен?