• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акыркы 7 жылда Орусия Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн 375 млн. доллар бөлгөн.

????????????????????????????????????

👁 759

Бишкекте “Орусия – Кыргызстан: келечекке багытталган өнөктөштүк. Коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташтык” аталышындагы эл аралык конференция өттү.

Иш-чарага эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын жана Орусиянын эксперттери катышышты.

Конференциянын акагында “Кыргызстанды өнүктүрүүдө Орусиянын жардамы” аталышындагы доклады менен КРнын Перспективалык изилдөө борборунун жетекчиси Сергей Масаулов чыкты.

“2014-жылы Орусиянын аймагына Бобордук Азиядан 6,4 миллион жаран барган. Ошол эле жылы каражат которуулар Тажикстандын ИДПсынын 49%ын, Кыргызстандын ИДПсынын 31,5%ын, Өзбекстандын ИДПсынын 11,7%ын камсыз кылып турган. 2008-жылдын октябрь айынан 2015-жылга чейин Орусия Борбордук Азия өлкөлөрүнө 5,6 миллиард доллар жардам көрсөткөн. Борбордук Азиядагы мамлекеттерге кайтарымсыз каржылык жардам:

  • 3,5 млрд. доллар эки тараптык негизде;
  • 570 млн. доллардан жогору БУУ аркылуу;
  • 1,3 млрд. доллар Дүйнөлүк Банк жана башка структуралар (ЕККУ ж.б.), ошондой эле ЕАЭБ, Борбордук Азияда ишке ашкан Орусиянын ЕврАзЭСтин Антикризистик фондуна которгон 592,3 млн долларын кошкондо”,-деди ал.

Масауловдун айтымында, Кыргызстанда 100 миң мектеп жана ЖОЖ бүтурүүчүлөрү жыл сайын эмгек рыногуна чыгышат.

“Эки тараптуу мамилелерге келсек, биринчиден Кыргызстандын ОРусия алдындагы 488,9 миллион доллар карызы кечилди. Экинчиден, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо: 2009-жылдан 2016-жылга чейин 375 миллион долларды түздү. 500 миллион долларлык уставдык капиталы бар Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. Үчүнчүдөн, эмгек мигранттарынын акча которуулары”,-деди эксперт.

Ал кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылган долбоорлорго да токтолду.

“2017-жылдын 1-февралына карата 202 миллион долларлык 665 долбоор жактырылган.

Долбоорлордун тармактарына токтоло кетсек:

1)тамак-аш өнөр-жайы– 18%;

2) транспорт жана логистика 16%;

3) курулуш өнөр-жайы – 13%;

4) агро өнөр-жай комплекси – 12%.

Долбоорлор бардык аймактарда, Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарында ишке ашырылууда”,-деди ал.

Эксперт Орусиядан Кыргызстанга которулган Жеке каражаттар таблицасын көрсөттү (млн. доллар)

  • 2011 ж. – 1 386
  • 2012 ж. – 1 682
  • 2013 ж. – 2 113
  • 2014 ж. – 2 239
  • 2015 ж. – 1 514
  • 2016 ж. (6 ай) — 699

“Төртүнчүдөн Орусиянын Федералдык бюджетинин азайган кирешелери 2010–2014-жылдарга карата Кыргызстанга бажы салыгысыз мунай ташуу натыйжасында 1,8 млрд. долларды түзгөн:

  • 2010 ж. – 3,6 млн.,
  • 2011 ж. — 335 млн.,
  • 2012 ж. — 494 млн.,
  • 2013 ж. —521 млнго жакын,
  • 2014 ж. –450 млн. долларга жакын.

Бешинчиден, Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына Орусия салган инвестициялар 17,4 миллиардов долларды түзгөн:

  • Кыргызстан – 62,29 млн. доллардан ашуун (денонсация болгон долбоорлорду эске албаганда);
  • Казакстан –6,7 млрддан ашуун;
  • Тажикстан –1,6 млрддан ашуун.;
  • Түркмөнстан –173 млндон ашуун.;
  • Өзбекстан –5,9 млрд долларан ашуун. Анын ичинде 47% инвестиция отун-энергетикалык комплекске, 22% түстүү металлургияга, 15% теллекоммуникацияга туш келет.

Алтынчыдан, 2008–2015-жылдар аралыгында саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн жардам 7 миллион доллардан ашуун болгон. Анын ичинен:

  • 2013 ж. – 4,8 млн. доллар,
  • 2014 ж. – 200 миң доллар,
  • 2015 ж. – 813 миң доллар (инфекциялык оорулар боюнча диагностика коюу лабораториясын материалдык-техникалык колдоо), 140 миң доллар (Бишкек шаарынын тургундарын колдоо үчүн 6 тез жардам унаасын сатып берүү жана 2 мобилдик флюорография станциясы).

Жетинчиден, Кыргызстанга берилген жардамдын маанилүү тармагы азык-түлүк жардамы болду:

  • 2010-жылы 754 миң долларга 1,5 миң тонна буудай үрөнү берилген;
  • 2011-жылы 960 миң долларга 1 миң тонна жазгы арпа үрөнү берилген;
  • 2012-жылы 3,8 млн. долларга 20 миң тонна үрөн берилген;
  • 2013-жылы 2,94 млн. долларга 15 миң тонна буудай берилген”,-деди ал.

Экономисттин айтымында, жардам берүүдөгү маанилүү багыт болуп коопсуздук жана тынчтык саналат.

“2011–2012-жылдары Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматы тарабынан Кыргызстандын чек арачыларына 30 млн. долларлык жардам берилген.

  • 2011-жылы Орусия Кыргызстандын Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын жаңы имаратынын курулушуна 1,8 млн. доллар бөлгөн жана анын ишмердүүлүгү үчүн 3,4 млн. доллар каржылык жардам көрсөтүлгөн.
  • 2013-жылы Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 4,6 млн. доллар берилген. 2014–2016-жылдары бул кызматка 7,2 млн. доллар жардам көрсөтүү каралууда”,-деди адис.

Масаулов жардамдашуунун башка түрлөрү дагы болгонун белгиледи.

“1. 2010-жылы өзгөчө кырдаалдагы гуманитардык жардамга 11,5 миллион доллар кеткен.

  • Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан улуттар аралык жаңжал учурунда Кыргызстанга 3 тонна гуманитардык жардам жеткирилген (азык-тулүк, кийим, чатырлар, биринчи зарыл болгон нерселер, дары-дармектер, медициналык жабдуулар), 37 даана унаа, 20 тонна дизель майы, 2,5 миң тонна дан үрөндөрү.
  • Өзбекстанга Кыргызстандан барган качкындар үчүн 120 тонна гуманитардык жардам берилген. Анын жалпы суммасы 3 млн. доллар.
  1. Өнүктүрүү боюнча расмий жардам:
  • 2008–2010-жылдары БУУнун өнүктүрүү программасына Орусия 2,5 млн. доллар төлөгөн.
  • Мындан сырткары 2010-жылы экономикалык калыбына келтирүү программасына Орусия Кыргызстанга дагы 1 млн. доллар бөлгөн.
  • “Орусия “Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү” (2014−2016 жж.), долбоорун каржылоого катышып келет. Ага 3,5 млн доллар бөлүнсө, тигүүчүлөргө, ашпозчуларга керек болгон жабдууларды сатып берген жана адабияттарды да алган.
  • Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча долбоорлор боюнча иштер жүрүүдө.
  • Кыргызстанга жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча жакшы жардам берилип келет.
  • Бириккен улуттар уюму аркылуу өнөр-жайды өнүктүрүүгө дайыма жардам берилип келет.
  • БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча программасы. Акыркы 2 жыл ичинде Борбор Азияга жана Чыгыш Европага бөлүнгөн 16,5 млн. доллардын ичинен 1,14 млн. доллары Кыргызстанга бөлүнгөн.
  • “Бүткүл дүйнөлүк банк”, ЕККУ, “Орусия-НАТО кеңеши” сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу жана башка программалардын алкагында Орусия Кыргызстанга жана Борбор Азиянын башка мамлекеттерине жардам көрсөтүп келет.
  • Өзгөчө катары Антикризистик фонд (ЕврАзЭс) тарабынан берилген жардамды белгилесек болот. Жалпысынан рограммаларга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасына 300 млн. долларга жакын каражат бөлүнгөн”,-деп сөзүн аяктады экономист.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости