• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Акылдуу шаар» долбоору Ошто старт алды

Фото А.Исманова

👁 1,433

Премьер-министр Сапар Исаков 17-январда, Ош шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте өлкөнүн айыл, район, шаар жана облустарынын экономикасын өнүктүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуусу керек эле.
Оштун мэри Ош шаарындагы ички жолдорду куруу жана реконструкциялоо, Ош шаардык ЖЭБин жана токтоп турган өндүрүштүк ишканаларды модернизациялоо, санитардык абалды жакшыртуу, социалдык объектилердин бүткөрүлбөгөн имараттарын аяктоо, шаардыктардын ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн дамба курууга жана Ош шаарынын ирригациялык объектилерин реконструкциялоого байланыштуу маселелерге кенен токтолду.

Мындан тышкары Айтмамат Кадырбаев кошумчалагандай, Ош шаарынын туристтик жагымдуулугун арттыруу жана туристтик брендин түзүү боюнча программалар иштелүүдө, бул өз кезегинде шаардык иннфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Премьер-министр Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги аз убакытта түштүк калааны көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртууда көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишкендигин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Ош шаары республиканын башка шаарларына үлгү боло алат. Түштүк калаада жумушчу сапарда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугууда шаардыктардын жашоо ишмердүүлүгүндө позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы байкалып турат. Алардын жыргалчылыгын арттыруу боюнча мындан ары дагы иштер улантылышы керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте белгиленген маселелер боюнча зарыл чараларды кабыл алуу, анын ичинде донордук жардамды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу тапшырмаларын берди.
Мындан тышкары, Ош шаарынын келечектүү пландарын ишке ашыруу боюнча деталдуу иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле жакынкы арада Ош шаарында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу башталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине муниципалитет менен биргеликте шаардын ички жолдорун реконструкциялоо, жол боюндагы инфраструктураны жакшыртуу, тактап айтканда, жол белгилерин жана жол чийимдерин орнотуу боюнча иштерди ыкчам жүргүзүү тапшырылды.
Аны менен катар Ош шаарынын мэриясына калаанын көчөлөрүндөгү жарыктандыруу тутумун Кыргыз Респбуликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин бирдиктүү стандарттарына ылайык жакшыртууга өзгөчө көнүл буруу тапшырмасы берилди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости