Эми коркунуч жок
Өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруучулар менен келишимди бузду. Huawei деп аталган кытай корпорациясы эми шаарга камераларды жана башка техникаларды койбойт. Улуттук коопсуздукка карай турган болсок дагы ушул чечим абдан туура. Эмнеге мындай пикирде экенибизди түшүндүрүү үчүн бир окуяны айтып берели.
2012-жылы Кытай өкмөтү Африка биримдигине (АБУ) ( Африкадагы көз каранды эмес мамлекеттердин биримдиги) анын штаб-квартирасын Эфиопиянын борбору Аддис-Абебге бекер куруп берүүнү сунуштаган. Ал үчүн 200 миллион доллар каражат салууга да даяр экендиктерин билдирген. Албетте, баардык электрондук иштерди дагы кытай корпорациялары аткарышкан.
5 жылдан кийин уюмдун инженери бир кызык нерсени байкаган. Көрсө, 5 жыл бою түнкү саат 12:00дөн 2:00гө чейин Африка биримдигинин штаб-квартирасынын сервериндеги баардык маалыматтар эл аралык каналдар аркылуу алынып турчу экен. Ошондой эле уюмдун серверлери Шанхайдагы серверге кошулганы жана ал жакка баардык маалыматтар топтолуп турары белгилүү болгон. Франциянын “LeMonde” гезити бул боюнча иликтөө жасап, аны январдын акырында жарыялаган. Гезиттин маалыматына ылайык, Кытай биримдикке белек кылган программалык камсыздоодо документтештирилбеген функция болгон, ал Кытайдан башкарууга жол ачып, баардык маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүп турган. Мындан кийин чоң чуу чыгып, баардык компьютерлер текшерилип, шпиондук программалар, функциялар өчүрүлгөн.
Ошондой эле Кытай ММКларындагы 2015-жылдагы маалыматтарга ылайык, Африка биримдигинин “Келечек үрөндөрү” деп аталган инженерлерди Кытайда окутуу программасы Шанхайдагы штаб-квартира менен дал ушул Huawei корпорациясы аркылуу ишке ашырылган.
Эми Бишкекке кайталы.
Кыргызстан – Силикон өрөөнү эмес экенин баарыбыз жакшы билебиз жана бизде өзүбүздүн электрондук корпорацияларыбыз жок. Бирок, бул биз мамлекет катары чет элдик куруучуларды маанилүү улуттук долбоорлор үчүн өзүбүздүн шарттарды коюп чакыра албайбыз дегендик эмес.
“Акылдуу шаар” системасы деген эмне? Эгерде жөнөкөй тил менен айта турган болсок бул бир компьютердик борборго туташтырылган камералар, маалымат берүүчү жабуулар. Ал жактан маалыматтар анализделип алардын негизинде жол кыймылын башкаруудан баштап (Чүй-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактын кызылынын интервалын көбөйтүү), туура эмес токтотулган унааларга, ылдамдыкты жогорулаткандарга айыппул жазганга чейинки иштерди кылса болот. Дал ушул эле камералар аркылуу адамдарды таанып, дүкөндөргө баруудагы активдүүлүктү байкап жана башка бир топ нерселерди билсе болот.
Эки нерсе эң маанилүү. Биринчи. Бул системаны башкаргандар шаарды башкарышат. Ал шаарда эмне болуп жатканынын баарын билет жана ар кайсы күндөгү маалыматтарды салыштыра алат.
Экинчи. Бир компания техниканы орнотору менен эле андан башка бир дагы компания бул долбоорду иштете албайт. Оңдоо иштерин, программалык камсыздоону алмаштыруу жана башка иштердин баарын аны орноткон компания гана жасайт. Башкача айтканда, көз карандысыз өлкөнүн бир шаары бүтүндөй бир компаниядан көз каранды болуп калат.
Эмне кылуу керек? Кимди чакырбасаң деле алар “Акылдуу шаарды” өз инфраструктурасына ылайыктап өз технологияларынын негизинде жасап алышат дагы, алар орноткон камералардын баарын жаңыга алмаштырмайынча бул компаниядан кутулуу мүмкүн эмес. Huawei корпорациясы Siemens компаниясынан жаманбы? Же Siemens системаны азыраак көзөмөлдөйбү? Же анын аппаратурасында шпиондук кылууга мүмкүнчүлүктөр азбы? Күмөнүбүз бар. Жок дегенде качкын болуп жүргөн америкалык компьютердик шпион Эдвард Сноудендин ачылыштарын окуп көргүлө. Ал баардык телекоммуникациялык техникада даяр шпиондук программа орнотуларын же аларды орнотуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жазган.
Жогорку технологиялар тармагындагы маанилүү улуттук программалар үчүн жалгыз гана чет элдик компанияны чакырып аны менен түз келишим түзбөө керек.
Мындай кылуу зарыл. Тендердин шарттарында уткан компания биздин кыргыз инженерлерин баардык технологияларды жана аппараттарды колдонууга үйрөтүүсү керек деп жазуу зарыл. Ал үчүн (балким мамлекеттин катышуусунда, а балким сынактык негизде – улуттук ишкерлердин катышуусунда) кыргыз инженердик компаниясын түзүү керек. Алар чет элдиктер түзгөн инфраструктуранын баарын тейлөөгө үйрөнүшөт. Huawei кетип калышы мүмкүн же балким пикир келишпестиктер болот, ал эми улуттук компания техниканы тейлей берет.
Тендердин экинчи шарты – баардык документацияны ачыктап, программалык камсыздоонун баардык элементтерин көрсөтүү. Ал эми аны өзгөртүү керек болуп, ал эми компания баш тартса, сынактык негизде бул иш менен алек боло тургандарды тандап алабыз.
Эң акыркысы, келишимге эгерде программалык камсыздоодо документтештирилбеген функция табыла турган болсо ири суммадагы айып пул төлөрүн жазуу абзел.
Ошондуктан Өкмөт баарын туура жасады. “Акылдуу шаар” көңүл чөктүрүп, алакан жайып, улуттук инженерлер жок деп отуруп калгыдай деле татаал долбоор эмес. Москвада кыргызстандык миңдеген инженерлер иштейт – аларды мекенине чакырып, жумуш менен камсыз кылгыла! Алардын балдары жана жубайлары бул үчүн рахмат гана айтышат.
ЭКОНОМИКА долбоорго көз салып турат жана конструктивдүү идеяларды бөлүшүүгө гезиттен орун берүүгө даяр.