• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

АКШ: Жогорку сот Трамптын мигранттарды чектеген буйругун колдоду

22

👁 739

Кошмо Штаттардын Жогорку соту президенти Дональд Трамптын иммиграция боюнча буйругун колдоду. Бир жыл мурун кол коюлган буйрукка ылайык, бир катар өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилген.

Мындай чектөө Ирандын, Йемендин, Ливиянын, Сириянын жана Сомалинин жарандарына тиешелүү. АКШда убактылуу жашоо укугу же «жашыл картасы» бар адамдарга жана буга чейин виза алгандарга жаңы чектөө колдонулбайт.

Жогорку соттун башкы судьясы Жон Робертс администрация улуттук коопсуздукту камсыз кылууну негиз кылып, ага жетиштүү далилдерди келтире алганын жүйө кылды. Трамп Жогорку соттун чечимин америкалыктардын жана Конституциянын “чоң жеңиши” катары баалады.

Президент Трамп алгачкы иммиграциялык буйругуна былтыр 27-январда кол койгон. Ага ылайык, Ирактын, Ирандын, Сириянын, Судандын, Сомалинин, Ливиянын жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө 90 күнгө тыюу салынып, сириялык качкындар белгисиз мөөнөткө чейин АКШга кабыл алынмак эмес. Дароо күчүнө кирген буйрук аэропорттордо адамдардын кармалышына, АКШнын шаарларында ири демонстрацияларга жол ачкан. Акыры Сиэтлдин соту бул чечимди «Конституцияга каршы келет» деп токтотуп койгон.

Көп өтпөй Ак үй жаңы буйрукту иштеп чыгып, ага президент 6-мартта кол койгон. Бул жолу тизмеден Ирак алынып салынган жана “жашыл картасы” бар адамдардын Америкага киришине уруксат берилген.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости