Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылдын 15-мартында Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын финансы-экономика факультеттеринин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өттүүдө.
Бул иш-чара Финансы министрлигинин 2018-жылдын 23-январындагы №10-Б буйругу менен бекитилген. Каржы министрлигинин 2018-жылга иш-аракеттер планынын 6.2-пунктун аткаруу максатында, бүткүл дүйнөдө мамлекеттик органдардын, министрликтердин, борбордук банктардын, финансылык мекемелердин ж.б. катышуусунда өткөрүлүп жаткан Акчалардын бүткүл дүйнөлүк жумалыгына (Global Money Week) арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүүдө.
Ачык эшиктер күнүнүн башкы максаты – финансы чөйрөсүнүн болочоктогу адистерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана ага караштуу ведомстволук уюмдардын ишмердүүлүгү, аларга жүктөлгөн функциялар жана милдеттер менен тааныштыруу.
Жолугушууга “Ала-тоо” эл аралык университетинин, АДАМ университетинин/Бишкек финансы-экономика академиясынын, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, Инновациялык технологиялар эл аралык университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери чакырылган.