Анчалык зарыл болбогон нерселерди сатып алуудан баш тартуу менен үй бүлөлүк бюджетти алда кача толуктоого болот.
Виктор Груценко
Бүгүнкү күндө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа өсүп, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жогорулап жатат, ал эми киреше мурдагыдай эле калууда. Натыйжада, Кыргызстандагы ар бир үй-бүлө көпчүлүк учурда “тыйын санап калууга чейинки” жагдайга дуушар болуп калышат.
- Биринчи кезекте акчанын негизги бөлүгү эмнеге жумшаларын аныктап алуу зарыл. Ошондуктан, киреше жана чыгаша эсебин Exel блокнотунда бир нече ай бою каттап, натыйжасына иликтөө жүргүзүү зарыл. Ошондо гана кандай чыгымдарды кыскартуу же үй-бүлө бюджетинен аларды таптакыр алып салуу керектигин түшүнөсүңөр. Үнөмдөө дегенди көпчүлүгү — көп нерседен баш тартуу дегендей түшүнөт. Негизи андай эмес. Үнөмдөө – бул эң оболу, ашыкча чыгымга жол бербөө. Артып калган акчаны инвестициялоого, ири бир нерсени сатып алууга же башка максаттарга жумшоого багыттоо зарыл, — деп белгилейт KICBнин Казыналык бөлүмүнүн улук адиси Анастасия ЧЕРЕДНИКОВА.
Экинчи бир маанилүү эреже – бул, ай башында бардык чыгашаларды биргелешип пландаштыруу (эмгек акы алганга чейин) жана аны так сактоо. Биринчи кезекте карыздарды берип, кредиттерди, милдеттүү чыгымдарды (батир акысын, балдардын окуусун, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө ж.б.) төлөө жана каражат камын түзүү запрыл.
Көпчүлүк үй-бүлө чыгашаларын алдын ала пландаштырбайт. Демек, акча зарылчылыкка жараша, башаламан жумшалат. Түпкүлүгүндө келип бул, үй-бүлөлүк капчыкта бир тыйын калбай, карыз алууга туура келген жагдайга такайт. Айлыктан айлыкка чейин жашоо – эптеп күн кечирүү. Ошондуктан, үй-бүлөлүк бюджетти кылдат пландаштырып, эсепти так жүргүзүү талап кылынат.
- Ай сайын кирешенин кеминде 10–15%ын топтолмо депозитине сактап, кам түзүү зарыл деп эсептейт Анастасия Чередникова. – Бул кол тийгис запас, ал өзгөчө учурларда гана, мисалы иштен бошоп калган, үй-бүлө мүчөсүнүн биринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келип чыккан шартта жардамга келет. Жеке бюджетти ыңгайлуу тескөөнүн дагы бир “алтын эрежеси” – бул, он пайыз эрежеси. Каржы камын түзгөндөн кийин ошол эле 10–15%ды инвестицияга жумшоо зарыл.
Жыйым топтоонун эң эле ыңгайлуу жана кирешелүү үч каражаты бар: бул кирешелүүлүгү жылдык 14%дан 22%га чейинки корпоративдик облигациялар (алар ар кандай валютада ар башка мөөнөткө инвестициялоо мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат) жана кирешелүүлүгү салым мөөнөтүнө жараша 4%дан 13%га чейинкини түзгөн мамлекеттик баалуу кагаздар. Мына ушундай инструменттерге, ар кандай валютада акча салуу адам баласынын турмушунда келип чыгышы ыктымал болгон кооптуу жагдайлардан, анын ичинде валюталык жана башка тобокелдиктерден сактанууга өбөлгө түзөт. Ошентип, убакыт өткөн сайын инвестициялоодон киреше эмгек акыга олуттуу кошумча болуп калат, — деп банк адиси сөзүн жыйынтыктайт.
Ойлонбостон чыгашага жол берүү
Сатып алгандарыбыздын 40%га жакыны жарнамалоонун, ар кандай жеңилдиктердин аркасында, бирок пландаштырбастан сатылып алынган товарлар болуп эсептелинет. Ошондуктан, эмнени сатып алгыңар келсе, ошого жетиштүү гана акчаны, плюс 5% күтүүсүз чыгашаларды караштыруу зарыл. Жыйынтыгында, супермаркеттен алган чектеги сумма бир нече эсеге кыскарып, тамак-ашка жалпы сарптоолор 15–25%га азайат.