Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын 85%ы демаркация болгондон кийин өткөрүү бекеттеринде каттамды жеңилдетүү менен эки элдин ортосундагы мамилени жакшыртып, жеке ишкерлерге шарт түзүү каралууда.
Анын маалыматына ылайык, өзбек тарап Ак-Турпак күрүчүн, Сүлүктү көмүрүн, Баткен өрүгүн, Лейлек районунун аймагындагы кварц кумун сатып алууга кызыкдар. Ошол эле учурда Өзбекстандан пахта кездемелерин, кийимдерин Кыргызстанга ташууну сунушташкан.
КРнын Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусу менен чектеш, анын калкы 3,7 млн. Аймактар ортосунда 4 унаа жол, 1 темир жол өткөрүү бекеттери бар.
Учурда эки өлкө ортосундагы «Кызыл-Кыя» жана «Өзбекстан» көзөмөл өткөрүү бекеттерин ачуу маселеси каралууда.