Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү Актал-Жогорку-Май автожолунун 2-чакырымындагы бүтпөй турган көпүрө ушул айдын аягында бүткөрүлөт. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көпүрө 1967-жылы курулган. 2017-жылдын жаз айларында жаратылыштын таасири алдында 3 түркүк 40–50 см чөгүп авариялык абалга кептелген. Аталган көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 44,5 миң сом каралган. Көпүрөнү курууга жалдануучу «Кербен жол курулуш» ишканасы лицензия утуп алган. Бирок аталган компания келишимдеги тийиштүү милдеттерин аткарбагандыктан келишим бир тараптуу бузулду.
2018-жылдын 4-январында көпүрөнү куруу үчүн министрликтин алдындагы ГДРСУ ишканасы менен келишим түзүлгөн. Кайрадан долбоордук-сметалык документ иштелип чыгып, жалпы жумуштун баасы 54 628 сомду түздү.
Бүгүнкү күндө Нарын дарыясынын нугун бурууга 250 даана бетон блоктору ташылып келип, аталган обьектиге дамбаны бекемдөө үчүн орнотулду. Мындан тышкары, 5 миң куб шагыл кум аралашмасы төгүлүп, дарыянын нугу бурулду. Көпүрөнү куруп бүткөрүү мөөнөтү 25-июнга бекитилген.
Белгилей кетсек 13-майдагы жааган жаандан улам кѳпүрѳнүн кире беришин суу жеп кеткен. Мындан улам, жергиликтүү тургундардын дарыяны кечип өтүп жаткан видео тасмалар социалдык тармактарда кызуу талкууга айланган. Видеодо жергиликтүү тургундар райондун борборуна келүү мүмкүн болбой жатканын, өзгөчө кош бойлуу келиндер, балдар өтө албай жатканын айтышкан.