• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Ак Сүт” ААКсынын өнүмдөрүн Орусияга ташууга убактылуу тыюу салынды

korporatsiya-ayu-14

👁 604

Сергей Данкверт КРнын өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү.

2017-жылдын 28-сентябрында ЕЭКтин аймагында Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт КРнын өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КРнын өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын ветеринардык сертификаттоого жаткан кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү Орусияга өнүм ташууга укугу бар ишканалардын катарына киргизүү тууралуу сунушу каралды. Орусия тарап бул кайрылуу боюнча өндүрүүчүлөргө кошумча материалдарды жөнөтүүгө кат жолдонгонун билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө “Ак Сүт” ААКсынын өнүмдөрүн Орусияга ташууга убактылуу тыюу салынганы боюнча маселе дагы каралды. Калысбек Жумаканов изилдөөлөрдүн натыйжасында өнүмдөр Орусиянын ветеринардык жана санитардык талаптарына толугу менен жооп берери белгилүү болгонун билдирди. Изилдөөлөрдүн натыйжалары жазылган протоколдор Россельхознадзорго жөнөтүлгөн.

Өз кезегинде орусиялык тарап протоколдорду түзүүдө бир катар каталар бар экенин, ошондуктан ишканага мүмкүнчүлүк бериле электигин билдирди. Тараптар кайрадан изилдөө жүргүзүү үчүн сүт азыктарынан Россельхознадзордун Барнаулдагы лабораториясына жөнөтүү тууралуу макулдашышты.

Мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Орусия берген гранттын эсебинен республикага жаңы жабдуулар алынып келингенин жана лабораториялар оңдолгонун, бир катар кыргыз адистери орусиялык институттардан окуудан өтүшкөнүн белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап республикада куш этинин тартыштыгы болуп жатканын билдирип, Кытайдын кепилдиги менен куш этин алып келүү боюнча Россельхознадзорго кайрылды. Орусия кызматынын жетекчиси бул маселе боюнча расмий билдирүүнү карап чыгууга даяр экенин айтты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости