Премьер-министр Сапар Исаков «Air Arabia» авиакомпаниясынын башчысына өлкөбүздүн ыңгайлуу географиялык жайгашуусуна жараша Кыргыз Республикасы аркылуу жаңы авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.
Жолугушуу учурунда Премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү, анын катарында жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.
«Биз жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкө экономикасынын, бизнес, туризм, логистика тармагынын, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуунун өнүгүүсүнө түрткү берет деп ишенебиз. Биз асманыбызды “ачууга” багытталган реформаларга, рынокту эл аралык авиакомпаниялар үчүн ачууга мүмкүндүк берүүчү саясатка умтулуудабыз. Биз бул татаал жол экендигин түшүнөбүз, бирок биз алдыга коюлган милдеттерди чечебиз», — деп белгиледи ал.