• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ага-Хан фонду Кыргызстандын тоолуу аймактарында бала бакчаларды ачат

????????????????????????????????????

👁 713

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бельгиянын борбору Брюссель шаарындагы Европа институттарына жумушчу визитинин алкагында Улуу Урматтуу принц Карим Ага-Хан менен жолугушту.
Мамлекет башчысы Ага-Хан Фонду тарабынан Кыргызстандын билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарбасы, чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүндө жана банк секторунда бир катар долбоорлордун жана программалардын натыйжалуу жүзөгө ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин биринчи кампусунун жана 15 жылдан бери кыргызстандык жаштарга сапаттуу билим берип жаткан Ош шаарындагы Ага-Хан мектебинин ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

“Биз тоолуу региондорду колдоо жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча программалардын жүзөгө ашырылып жатышын колдойбуз. Бул абдан олуттуу колдоо», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады жана Ага-Хандын өнүктүрүү тармагы Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууга мындан ары да жигердүү катышат деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Улуу Урматтуу принц Карим Ага-Хан Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады жана бул жогорку кызматта ага ийгиликтерди каалады.

Ал Фонддун долбоорлорун жүзөгө ашырууну кубаттап, колдогону үчүн Кыргызстандын бийликтерине ыраазы экенин белгиледи. Принц Карим Ага-Хан кызматташууну мындан дагы күчөтүүгө даяр экенин баса белгилеп, бардык башталган долбоорлор улантыла турганын билдирди. Андан тышкары, Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын пландары, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү долбоорлору, тактап айтканда, Кыргызстандын тоолуу региондорунда балдар бакчасын ачуу долбоору тууралуу кыскача айтып берди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости