Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы мезгилдеги биргелешкен кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Премьер-министр белгилегендей, өз-ара пайдалуу кызматташтыктын айкын мисалы катары Нарын облусундагы заманбап материалдык-техникалык базасы бар Борбор Азия Университетинин иш алып баруусу саналат.
КР Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха Премьер-министрге Ханзаада Карим Ага Хан IV атынан саламдашуусун жеткирди. Ошондой эле ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын жана «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу алкагындагы бир катар оңдуу өзгөрүүлөр байкалып жаткандыгын белгиледи.
«Учурда ишке ашырылып жаткан Өкмөттүк программалар абдан күчтүү жана натыйжалуу болуп саналат. Биз ошондой эле жогорку деңгээлдеги компетенциялуу жаңы командага кубануу менен байкоо салып турабыз», – деди Шамш Кассим-Лакха.
Андан соң тараптар Уюмдун инвестициялык пландарына, тактап айтканда, Нарын шаарындагы жаңы мейманкананын, мектептин жана турак-жайлардын курулушуна кеңири токтолушту.
Шамш Кассим-Лакха белгилегендей, Ага-Хан Уюмунун дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде парктарды куруу жана реконструкциялоодо мыкты эл аралык тажрыйбасы бар жана бул маселе боюнча кызматташтыкка даярдыгын билдирди.