• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Аэропорт: сатылат-сатылбайт

aeroport-41-_preview

👁 1,452

Кыргызстандагы эл аралык деген макамды алып жүргөн “Манас” жана “Ош” аэропортторуна инвестиция тартуу боюнча иштерди өкмөт өткөн аптада баштаган. Түркиянын «TAV Airports Holding» компаниясы аба майдандарга кызыкдар экендиги аталган компаниянын директору Мустафа Сенер менен премьер-министр Сапар Исаковдун жолугушуусунда айтылды.

Мындан улам коомчулукта аэропорттор сатылат таризиндеги сөз тарап, кезек аэропортторго жеттиби? деген суроо жаралды. Бирок өкмөт аба майдандар сатылбастыгын, болгону эропорттун абалын оңдоо үчүн ишеним башкаруусуна берүү же чогуу башкаруу боюнча сөз жүрүп жатканын ачыктады. Өкмөт өкүлдөрү билдиргендей, азырынча бир жактуу чечим кабыл алына элек.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан өз күчү менен аэропортторду өнүктүрө албастыгын Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчынын белгилөөсүндө аэропорттун өзүнүн 4 жылдык программасы бар. Анын негизинде алынган каражаттар аэропортту өнүктүрүүгө жумшалат. Реформадагы негизги нерсе – ошол ири компаниялардын артында чоң авиакопаниялардын турганы. Эгерде Кыргызстанга чоң компаниялар келбесе, анда Кыргызстанга чоң авиакомпаниялар келбейт.

“Учурда көптөгөн чоң компаниялар Кыргызстанга кызыгып жатышат. Алардын арасында «TAV Airports Holding» компаниясы бар. Биз алар менен сөзсүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бирок муну сиздер, депутаттар, чечесиздер. Бул суроо бышып жетилди, биз сиздерге концессияга берүү керекпи, же жокпу деген суроо менен келебиз. Ошондо сиздер ооба, же жок деп чечишиңер керек. Ошондо биз бул жол менен кетүүгө даяр болобуз»,-деди Сапар Исаков.

Аэропорт жетекчилиги сатууга каршы

Эл аралык «Манас» аэропортунун башкармалыгынын башчысы Эмир Чукуевдин берген маалыматына караганда, соңку үч жылда аэропорттун кирешеси болуп көрбөгөндөй көбөйгөн. Маселен, өткөн 2016-жылы “Манас” аба майданы 1 млрд. 629 млн. сом киреше алып келген болсо, бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 262 млн. сомго көп болгон.

Аба майдан жетекчилиги алдыдагы 2–3 жылдын аралыгында аэропорттун сырткы жана ички көрүнүшү, тейлөө шарты дагы жакшыра турганын, бул иштерди аба майдан өз күчү менен ишке ашыра турганына көзү жетип турганын ырастады.

- «Манас» ачык акционердик коомунун карамагында жалпы 11 аэропорт бар. Бул жерде инвесторлор болгону «Манас» жана «Ош» аэропортторуна кызыгып жатат. Эгерде экөөсүн алардын колуна берсек, калган тогузунун келечеги эмне болот? Анан дагы бул эки аба майдандын баасы канча экени белгисиз. Аны билүү үчүн кеминде 200 доллар кетиши мүмкүн»,-деди Чукуев.

Өкмөттүн эмки үмүтү “Манас” жана “Ош” аэропортторун инвесторго берүү долбоорун парламент депутаттарынын колдоп берүусүндө. Деген менен эл өкүлдөрү арасында бул боюнча пикир бир кылка эмес. Айрым эл өкүлдөрү инвесторго аэропорт башкармалыгын берип, ошол эле учурда мамлекет акцияларына ээ болушу керек дешсе, айрымдары инвестордун колуна карматууга таптакыр каршы.

Зилалиев: “Аэропорт сатылбайт”

Күн мурун парламентте эки аба майданды сатуу мүмкүндүгү тууралуу маселе кайрадан козголду.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Абдумажит Юсуров эгерде аэропорт сатылса, Кыргызстандын үлүшү канча болоруна кызыкты.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев буга жооп катары мамлекеттин үлүшү 79 пайыз болорун, бирок компанияны сатуу өкмөттүн планында жок экенин билдирди.

Ал аэропорт өлкө коопсуздугу менен байланышкан маселе экенин, аны өнүктүрүү үчүн гана инвестор изделип жатканын айтты.

“Эгерде бул маселе көтөрүлсө, анда “Каракол” аэроптортун өнүктүрүү үчүн берүү керек. “Манас” аба майданы киреше берүүдө. Бул аба майдан бир гана киреше бербестен, өлкөнүн стратегиялык обьектиси болуп саналат”,-деди Зилалиев.

Талдоочулардын баамында, аба майдандарды өнүктүрөм деген чет элдик компаниялар монополиялык бизнес кылбаса, анда Кыргызстандын бергени дурус. Мындай пикирин экономика тармагы боюнча талдоочу Искендер Шаршеев билдирди.

“Эгерде эл аралык компания монополиялык бизнес кылабыз дегенден баш тартып, аэропорт курууда тажрыйбасы көп болсо, анда ошол компания менен келишим түзүү Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот. Кыргызстанга жаңы технологияларды алып келет. Жергиликтүү бизнесмендерди жеткиликтүү түрдө үйрөтөт. Албетте, акча түшөт. Эгерде чет элдик ишкер монополия кылып алса, анда жаман болот”,-деди Шаршеев.

“Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун карамагында 11 аэропорт бар. Алардын ичинен киреше алып келгени дал ушул инвестор кызыгып жаткан “Ош” жана “Манас” аба майдандары. Калган тогуз аэропорт дотацияда турат. Жогоруда саналган эки аэропорт расмий маалымат боюнча жылына ички жана сырткы каттам боюнча 3 млн. жүргүнчүнү тейлейт.

Белгилей кетсек, мындан үч жыл мурун “Манас” аэропортун Россиянын “Роснефть” компаниясына сатуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, кийин аягына чыккан эмес. Учурда инвестиция салууга кызыкдарлыгын билдирип жаткан түркиялык “TAV Airports Holding” компаниясы буга чейин эки жолу ушундай эле сунушун билдирген.

2014-жылы АКШнын транзиттик борбору толук чыгып кеткенден кийин, “Манас” аэропортун андан ары өнүктүрүүнүн жолу изделе баштаган. Ошол кездеги кыргыз өкмөтү аба бекетти Батыш өлкөлөрү менен Түштүк Чыгыш Азияны байланыштырган транпорттук хабга айлантуу максатын койгон.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости