• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Адисбек Шекенов: “Комплекстүү экспертиза” бюрократиялык тоскколдуктарга бөгөт коет

img_1145

👁 2,189

ЖИА бизнес ассоциациясы Кыргызстанда курулуш обьектилерин курууга уруксат берүүчү документтерди алууда бюрократиялык тоскоолдуктар арбын экенин коңгуроо кагууда.

Уруксат кагазын алууда бири-бирин кайталаган процедулар, бюрократиялык тоскоолдуктар арбын.

Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек шаарында курулуп жаткан обьектилерге “мыйзамсыз” деген жарлыктын тагылышы дал ушул уруксат берүүчү документтин кечиктирилишинен улам келип чыгууда.

Ошол себептүү ЖИА бизнес ассоциациясы “комплекстүү экспертиза” кызматын сунуштап, курулушка тиешелүү документтердин баарын бир жерден алууну сунуштайт. 

Адисбек мырза, адегенде азыркы учурда иштеп жаткан курулушка уурксат берүү нормаларынын жалпы абалы жөнүндө айтсаңыз?

2008-жылы чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык жалпы курулушка уруксат берүү, андан кийин бүткөн курулуш обьектилерин эксплуатцияга берүү процедуралары жөнгө салынган. Ошол документ боюнча курулушка уруксат берүү төрт этаптан турат.

Курулуш курам деген ишкер адегенде жер участогуна тиешелүү документтери менен болочоктогу курулуштун эскизин архитектурага алып барат. Аны архитектура карап көрүп, обьектини конкреттүү жер участогуна түшүрүү үчүн архитектуралык пландоо шарты (АПУ) документин берет. Анда жалпы имаратка карата архитектуралык талаптар камтылган. Маселен азыр биз турган борбор калаадагы Ибраимов көчөсүндө курулуп жаткан имаратты мисалга ала турган болсок, ал жерде он сегиз кабаттуу курулуш обьекти түшүшү үчүн өздөрүнүн архитектуралык талаптарын берет. Андан кийин ошол жерге электр энергиясына улоо, жылуулук түйүнүнө кошулуу үчүн, инженердик-техникалык шарт деп коет. Бул деген кандай жолдор аркылуу барып жылуулуука, электр жарыгына кошулат. Эми көйгөйдүн баары ошол жерден башталат. АПУну эч бир маселесиз алышат. Архитектурада “бирдиктүү терезе” деген бар. Маселен, мен документ таштагандан кийин 20 күндүн ичинде баардык документтердин топтомун даярдап бериши керек. Иш жүзүндө архитектура “Түндүк электр” ишканасына ушул даректеги курулуш обьектиси электр жарыгына кошулсун деген запрос жиберет. “Түндүк электр” болсо, ал жерде электр жарыгына кошулганга мүмкүнчүлүк жок деп, же болбосо 200 метрден кийин трансформатор жайгашкан болсо, бир канча чакырымдан кийин башка жерден берип коет.

Такыр эле болбосо бул жерде электр түйүнүнө кошулганга мүмкүнчүлүк жок деген жооп беришет. Бирок кандайдыр бир себептерден улам баягы “дегеле курганганга болбойт” деген имараттар жерге электр жарыгы, газ кууру же болбосо жылулуук түйүнүнө кошулуп алышат. Мына ошол жерден коррупция башталат. Көбүнчө техникалык шарт албаган үчүн жалпы имаратка тиешелүуү талаптардын негизинде курулушун баштай берет. Булардын баары АПУнун биринчи этабы. Ошол талаптардын негизинде курулуштун долбоорун чийдирип, аны кайра макулдашууга алып келет. Бул архитектуранын ичинде болот. Макулдашуудан өткөндөн кийин аны экспертизага жиберет. Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдында эксперттик департамент бар. Калган жумуштарды ошол экспертиза департаменти жүргүзөт. Ынанымдуу корутунду чыккандан кийин документ кайра архитектурага келет. Үчөөнүкү окшош эле болуп калып жатат. Уруксат алуу үчүн баягы бөлүмдөрдүн баарына бирден кирип, айтор кайталанып жатат.

Мына ушул уруксат алуу процедураларын жеңилдетүү максатында сиздер сунуштаган долбоор кандай болот? 

Биз ушундай сунуш берип жатабыз. Макулдашуу, экспертиза жана уруксат берүү бир жерде болушу керек. 2013-жылы “мыйзам бузуулар системасы” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, жаңы мыйзам кабыл алынып, ал жерде мыйзам жалпы республика боюнча уруксаттарды жана лицензиялардын жалпы тизмесин бекитет деп так, даана жазылган. Бирок ошол жерде курулушка уруксат берүү деген жок. Анткен менен бүгүнкү күндө иш жүзүндө берилип жатат. Мыйзамда жок нерсе өкмөттүн токтому менен берилип жатат. Биз комплекстүү экспертиза деп киргизели деген сунушту берип жатабыз. Эгерде ынанымдуу корутунду болсо, анда курулушту баштаганга негизи болсун. Бул деген ашыкча, кайталанма процедураларга бөгөт коет.

Казакстанда, жалпы эле дүйнөдө экспертизаны жеке компаниялар жүргүзөт. Бизде болсо жеке компанияларга ремонт иштерин гана жүргүзүүгө уруксат берген. Ошол себептен бизде эч ким жеке экспертизадан өткөн эмес. Ошол эле долбоорлоочу компаниялар каттоодон өтөбү же лицензия алабы, айтор аларга да ушундай укук бере турган болсок, бирдиктүү талаптардын негизинде экспертизадан өткөрсө, жеке компания катары ошол компаниядан буюртма берип, экспертиза жүргүзүп, эгерде биздин жалпы техникалык, мыйзамдык нормаларга жооп берсе, анда курулушту баштай берсе болот. Ушул нерсени да сунуш кылып жатабыз.

Азыркы учурда борбор калаанын өзүндө эле 300гө жакын курулуш курулуп жатса, алардын көбү көп кабаттуу үйлөр. Бишкекте курулуп жаткан курулуш обьектилери чар-жайыт жүрүүдө деп айтууга негиз барбы?

Жок, муну чар-жайыт дегенге болбойт. СССР учурунда бир план болгон эмеспи. Шаардын башкы планы бекитилгенде, пландуу деталдоо планы (ПДП) түзүлүшү керек. Бул деген кайсы жерден труба кантип өтүшү керек, кайсы размердеги труба коюлушу керек, канча метр болушу керек деген талаптардын баарын карайт. Андан сырткары, кайсы жерде административдик имарат болушу керек, кайсы жерге кандай курулуш түшүшү керек, кайсы жерге кандай кубаттуулуктагы трансформатор коюлушу деген документ жок, бекитиле элек.

Балким ушул документ жоктугунан чар-жайыт болуп жаткандай таасир калтырар. Ошол эле учурда ал документ керекпи деген суроо туулат. Анткени, бизде кайсы жер административдик аймак, кайсы жер эс алуу жайы, кайсы жер көп кабаттуу үйлөр боло тургандыгын аныктаган башкы план бар.

Коомчулукта эң көп айтылган мыйзамсыз курулуш жүрүп жатат деген сөз – курулуп жаткан үйлөр техникалык жагынан туура эмес болуп жатат деген сөз эмес. Бул деген бюрократиялык процесстерден толук өтүп бүтүп, толук уруксат албаган үчүн, бири-бирин кайталаган талаптар көп болуп, анын баарынан өтпөгөн үчүн мыйзамсыз курулуштар башталып кетүүдө. Маселен, бир ишкер жогоруда айтылган процесстердин баарынан өтүүнү күтпөстөн курулушун баштап жибериши мүмкүн. Балким ал инвестор тартып курууда. Анын өнөктөштөр бар, алар акча күтүп жатат. Өзүнүн милдеттери бар. Көбүнчө мыйзамсыз курулуштар мына ушул нерседен келип чыгат.

Бизде, коомчулукта курулуштардын сапатына элдин ишеними төмөн. Өзгөчө акыркы убактарда курулуп жаткан үйлөрдүн жогору сапатта экенинен күмөн санагандар көп. Чынында эле ушундайбы?

Мен негизинен юристмин. Техникалык баа бере албайм. Ошентсе да бир нерсе бар. Кыргызстанда курулуп бүткөн турак-үй урап калган учур боло элек. Мындан ары да болбосун дегим келет. Бул пикирди бекемдөө үчүн жакында эле курулуш компанияларынын бирине таандык үйдүн монолити урап түшкөнүн мисал келтирейин. Ал жерде опалобканын алдына койгон таянычтарын толук орнотуп бүтө элек болгон. Өзүнүн салмагын көтөрө албай түшүп калган. Коомчулукка маалымат туура таркатылышы керек. Анткени, Бишкекте курулуш нормалары катуу сакталат. Элементардык эле бизге чет өлкөдөн инвестор келгенде “эмне үчүн арматураны көп коесуңар?” деп сурашат. Бишкектин жогору жагын 9 баллдык жер титирөө болушу мүмкүн деген аймак дейт. Европа же башка жердики андай эмес. Алардын имараттары бизге караганда бир топ эле күчсүз болот. Эгерде жер титирөө болсо, беш-алты балга эч нерсе болбойт. Эгерде тогуз балл боло турган болсо, имараттын жалпы каркасы калат. Түп орду менен кулап түшпөйт.

Анда эмне үчүн коомчулуктун ишеним деңгээли төмөн?

Бизде бир жерде курулуш болуп жатса, анын уруксат кагазы жок экен деп айтышат. Курулуш нормаларына жооп бербейт деген тыянакты чыгарышат. Бул деген жогоруда мен айткандай эле ошол курулуп жаткан имарат курулуш нормаларына жооп бербейт деген сөз эмес. Ал болгону талап кылган документтердин бирин алган эмес.

Курулушту баштоо үчүн биринчи тарап документ берүүнү кечеңдетсе, экинчи тарап күтпөстөн баштап жиберип, ортодо талаштуу маселе жарала турган болсо күнөө ким тарапта: документ берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарбы же аны күтпөстөн курулуш баштап жиберген ишкердеби?

Ошол эле өкмөттүн 2012-токтомуна ылайык, жалпы документтердин пакети “бирдиктүү терезе” аркылуу документти тапшыргандан кийин 40 күндүн ичинде кайра бериши керек. Дагы бир жагдай көрсөтүлгөн. Эгерде он күндүн ичинде жооп бербесе, анда бул макул дегендикти билдирет. Бишкек шаарынын архитектурасы техникалык шарттарды бере албайт. Ошону менен документтер жок болуп кетип жатат. Курулуш компаниясы бир обьекти куруу үчүн инвестор тартат, өнөктөштөрдү табат. Алар бардык документтерди алып бүткөнгө чейин бир жылдан, эки жылдан күтпөйт да. Бардык маселе бюрократиянын ашкере тоскоолдугунан келип чыгууда. Ошондуктан биз бири-бирин кайталаган процесстер болбошу үчүн комплекстүү экспертизаны сунуш кылып жатабыз. Жөнөкөй тил менен айтканда, мен биринчи архитектуралык, инжернердик жалпы талаптарды аламын. Алгандан кийин макулдашуу, экспертизага барбашы керек. Комплекстүү экспертиазага киргизилип, толугу менен каралып, эгерде бардык талаптарга жооп берсе, курулушту башташым керек.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости