Коммерциялык эмес уюмдардын эл аралык тобу тарабынан жүргүзүлгөн Ачык-айкын мамлекеттик сатып алуулардын рейтингинде Кыргыз Республикасынын болжолдуу натыйжалары жарыяланды. Бул тууралуу 2018-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин имаратында «Мамлекеттик сатып алуулар системасынын ачык-айкындыгы» темасындагы тегерек столду өткөрүү маалында белгилүү болду.

Эркиндикти жана маалыматты өнүктүрүү институтунун (Грузия) долбоордук координатору Гиорги Ломтадзенин айтымында, коммерциялык эмес уюмдардын эл аралык тобу Ачык-айкын мамлекеттик сатып алуулар рейтингинин методологиясына ылайык «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулары жөнүндө мыйзамдарды баалоо» изилдөөсүн жүргүзгөн.
Изилдөөнүн натыйжалары боюнча, Кыргыз Республикасы рейтингде 5-орунду ээлеп, 100%дан 65,9%ды топтоду. Жалпысынан рейтингде 7 өлкө катышууда. Алар: Украина, Грузия, Молдова, Беларусь, Армения, Азербайжан. Кыргыз Республикасынын болжолдуу маалыматтары мамлекеттик органдардын маалыматтарын изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча алынган. Изилдөө 5 багытта жүргүзүлгөн: мыйзамдарды баалоо, чөйрөнүн ачык-айкындыгы, натыйжалуулук, отчёттуулук жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк. Ар бир багыт өз-өзүнчө бааланып, ар бири боюнча рейтинг чыгарылган.
«Изилдөөнүн жүрүшүндө биз Кыргызстанда Грузияда да, Украинада да кездешпеген жана кыргыз мыйзамдарын уникалдуу кылган кызыктуу деталдар бар экендигин көрдүк. Бирок ошол эле убакта көңүл бура турган жана мүчүлүштүктөрдү жоё турган кээ бир көйгөйлөр бар экендигин айтуу керек», – деп белгиледи Гиорги Ломтадзе.
Жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасынын оң натыйжалары белгиленген, бирок ошол эле убакта эл аралык стандарттарга дал келбей турган учурлар да аныкталган. Алсак, изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, Грузиядан келген эл аралык эксперт белгилегендей, КРнын мамлекеттик сатып алуулар порталы жөнөкөй жана колдонуучулар үчүн ыңгайлуу. Мыйзамдар бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде кеңири коомчулук, тендердин катышуучулары жана потенциалдуу жеткирүүчүлөр үчүн конкурстарды даттануу укугун камсыз кылат. Бирок тендерден кийинки фазада көйгөйлөр бар, порталда келишимдер, субподрядчиктер тууралуу маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү, отчёттор тууралуу маалымат жок. Андан тышкары, андан ары пайдалануу үчүн маалыматты жүктөп алуу же алуу мүмкүнчүлүгү жок.
Жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде Кыргызстандын Финансы министрлигинин Коомдук кеңеши мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн бир катар сунуштарды иштеп чыккан. Бул сунуштар тегерек столдо да айтылды. Алсак, сунуштардын арасында веб-порталды монетизациялоо (кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө), сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жаатында коомдук консультацияларды өткөрүү, ички жеткирүүчүлөргө жеңилдиктерди жокко чыгаруу, сатып алууларды пландоо жөнүндө сөз болду.
Өткөрүлгөн тегерек столдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков азыркы убакта Мамлекеттик сатып алуулар порталы замандын талабына жооп бере тургандыгын жана мындан ары жалпысынан мыйзамдарды жана Порталды жакшыртуу жолу менен системаны өркүндөтүү пландалып жаткандыгын белгиледи. Ал ошондой эле бардык сунуштар эске алынарын жана мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүлөрүн кошумчалады.


![IMG_8071[1] IMG_8071[1]](http://www.minfin.kg/userfiles/images/2018/img_80711.JPG)