• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Абылгазиев: Дүйнөлүк банк Кыргызстан үчүн өнүгүү боюнча маанилүү өнөктөш

👁 598

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча Аймактык директору менен кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-майда, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча Аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Өкмөт башчы Дүйнөлүк банкка өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди. Премьер-министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк Кыргызстан үчүн өнүгүү боюнча маанилүү өнөктөш болуп саналат.
Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жаңы курамынын ишиндеги артыкчылыктардын бири катары — мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, экономиканы санариптештирүүнү, аймактарды өнүктүрүүнү, чакан жана орто ишкерликти колдоону бөлүп көрсөттү.
Мындан тышкары Өкмөт башчынын айтымында, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, энергетика, туризм, оор жана жеңил өнөр жай жана жарандардын жашоосун комплекстүү жакшыртуу тармактарына өзгөчө көңүл бурулат.
Премьер-министр Өкмөттүн артыкчылыктуу пландарын Дүйнөлүк банк тарабынан жаңы иштелип чыккан биргелешкен кызматташуу Стратегиясынын негизги багыттары менен айкалыштыруунун өзгөчө маанисин белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймактары боюнча вице-президенти Сирил Мюллер менен үстүбүздөгү жылдын январындагы жолугушуусунан кийин өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо артыкчылыктуу катары аныкталганын баса көрсөттү.
Өкмөт башчы биргелешкен кызматташууну тереңдетүүгө даярдык билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен биргеликте бирдиктүү кызматташуунун жаңы Стратегиясынын негизги багыттарын дыкат иштеп чыгууну тапшырды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости