Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Абу-Дабинин өнүктүрүү фондунун директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту.
Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башчысы Мухаммад Саиф Аль-Сувейди Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз Республикасынын ортосунда достук жана конструктивдүү мамилелер калыптанганын белгиледи.
«Аны эске алуу менен Абу-Даби өнүктүрүү фонду «Балыкчы – Каракол – Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын билдирмеси менен артыкчылыктуу иретте таанышып чыгат».
Аны менен катар жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, транспорт, саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташуунун мүмкүнчүктөрү тууралуу талкуулашты. Тактап айтканда Абу-Даби өнүктүрүү фондунун Бишкектин 4 шаардык ооруканасын реконструкциялоого жардам көрсөтүүсү тууралуу сөз болгон.
Маалымат иретинде: Абу-Даби өнүктүрүү фонду 1971 –жылы Абу-Дабинин (БАЭ) өкмөтү тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өнүктүрүү долбоорлорун каржылоосуна насыя берүү, ошондой эле ал өлкөлөрдөгү долбоорлорго узак мөөнөттүк инвестицияларды салуу жолу менен жардам берүүгө негизделген уюм.
2015–2016 жж. Фонд Оман, Кирибати, Палау, Маршалл араладпры жана башка өлкөлөргө күн жана шамал электр станцияларын, сууну тазалоо боюнча ишканаларды курууга жардам берген.