Бүгүн, 31-январда Салык кызматы 2017-жылдын жыйынтыгы тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаковго отчет берди. Жыл жыйынтыгынын негизинде мыкты салык төлөчүлөр премьер-министр тарабынан сыйланып, сертификаттарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүнкү болуп өткөн жыйында белгилүү болду.
Ошондой эле өткөн жылы Кыргызстанда салык 1,7 млрд сомго аз жыйналганын Салык кызматынын коллегиялык жыйынында мекеменин төрагасы Октябрь Абдыкаимов кабарлады.
2017-жылы жалпысынан 73млрд 416,3 млн сом салыктар жана төлөмдөр чогултулган. Ошону менен белгиленген план 97,7 пайыз аткарылып, 1 млрд 700 млн сомго кем жыйналган.
Аймактарды бөлүп караганда иш пландар Бишкек шаары, Чүй облусунда Ленин, Свердлов райондору жана Жумгал району, Талас району жана Талас шаары боюнча аткарылган эмес.
Эми бул аймактардын салык чогулткан жетекчилерине тиешелүү чаралар көрүлө турганын Абдыкаимов кошумчалады.