“Дөөлөт казынасы” коомдук фондунун төрагасы Абдимажит Мадмаров менен маектештик.
–Сиз ачкан социалдык-экономикалык фонд тууралуу маалымат берсеңиз?
–Каржылык кризис маселесин жоюу максатында атайын эреже даярдадык. Бул эрежени ишке ашыруу үчүн “Дөөлөт казынасы” коомдук фондун ачтык. Аталган фонд 2016-жылдын 10-августунда каттоодон өткөн. Учурда фонддун аймактык казына филиалдары бар. Алар географиялык жайгашкан жерлерге жараша филиалдарга бөлүнгөн. Номур биринчи аймактык казына инвестициялык филиалы Баткен, Лейлек райондорунда жана Сүлүктү шаарында. Мындан тышкары айылдарга дагы фонддун бөлүмдөрүн ачуудабыз. Каттоодон өткөндөрдүн социалдык абалына, жерине, улутуна жана диний ишенимине карабай 700 миң сомго тең келген, фонддун 7-буйругунун негизинде сертификат чыгарып берүүдөбүз. Сертификатты активдештирүү үчүн “Дөөлөт кошмо баланс” деп ачылган. Айта кетчү нерсе, биз чыгарып берген сертификат эч нерсе менен бекемделген эмес.
-“Дөөлөт казынасы” фонду кандай иштерди жасайт?
Компания менен келишип алган кендерди 30%га 70% деп түзсөк, баланска 70% калып, 30% компаниянын эсебине кетет.
Биз жасап жаткан иштин арты менен өндүрүүчүлөргө бир топ киреше түшөт. Мисалы, элге керектелүүчү товар колдон-колго өтүп анан жетет. Айтсак, өндүрүүчүдөн дүңүнөн сатып алган кардар, орто көлөмдө сатып алган кардар, кичи кардар болуп отуруп анан элдин колуна жетүүдө. Ортомчулардын катышуусу өнүмдү бир топ кымбаттатып жиберүүдө. Ошондуктан ортодогу ортомчуларды жоюп, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө түз жеткирип берүү системасын орнотобуз. Бул система ишке ашса продукция арзандайт.
Мындан тышкары коомдук тамактануу жайларын да ишке киргизебиз. Учурда Ошто иштеп жатат. Алдыңкы планыбызда коомдук тамактануу жайларын Кыргызстандын баардык региондоруна ачууну көздөөдөбүз. Эми ишке ашыруу үчүн соода экономикалык секторун ишке киргизебиз.
–Сиз айтып жаткан система иштеп кетүүгө көзүңүз жетеби?
–Фондго кирүү үчүн кандай талаптар бар?
–Фондго кирүү өтө жөнөкөй. Арыз жазбайт, кирүү төлөмү жок. Болгону ар бир айылга бөлүм ачып коебуз, ал жакта комендант болот, ага барып каттоодон өтөт. Негизинен аталган система менен иштөөгө баардыгы кызыкдар болууда.
Ошондой эле ар кайсы жакка барып эле фонддун филиалдарын ача бербейбиз. Биринчиден, ошол аймактын эли кызыгыш керек. Андан соң гана ачылат. Бул биздин принцип.
Эске сала кетсек, “Дөөлөт казынасы” коомдук фонддун 11 филиалы иштеп жатат. Анын 9у Кыргызстандын түштүк аймагында болсо, экөө Орусиянын Москва жана Питер шаарларында жайгашкан. Бүгүнкү күндө мүчөлөрдүн саны 160 миңден ашты.
Наргиза Өмүрбек кызы