“ЭКОНОМИКА” гезити өткөн санында “Дөөлөт казынасы” коомдук фонду тууралуу жалпы маалыматты жазып чыккан.
Ал эми бул ирээт ошол фонддун дагы бир бутагы болгон “Алмашуу кошмо Банкынын” элге тийгизген жардамы тууралуу фонддун төрагасы Абдимажит Мадмаров айтып берди.
“Алмашуу кошмо Банкы” тууралуу айтып берсеңиз?
«Алмашуу кошмо Банкын” ачтык. Бул биздин банктык системага окшошпойт. Аталган банк “Дөөлөт казынасы” коомдук фондунун ичинде жайгашкан. Эгерде “банк” деген терминди колдоно албасак, кошумча база деп атасак болот. Биз жасап жаткан ишке кызыкдар болгон жарандарга “ЭКОНОМИКА” гезити аркылуу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.
“Алмашуу кошмо Банкы” ишке кирсе фондго кандай пайда алып келет?
“Дөөлөт казынасы” коомдук фондунун негизги максатты элди кризистен алып чыгуу. Фонддун өзүнүн жеке кызыкчылыгы жок, болгону элдин социалдык-экономикалык абалын көтөрүү. Биздин фонддун жардамы менен сатуучу менен сатып алуучуга ортомчусуз шарт түзүлөт. Ал эми азыркы учурда товар колдон-колго өтүп жатып ортомчуларда бир топ убакыт кармалып калууда. Бул учурда сатуучунун капчыгына аз суммада каражат түшүп, убакыттан да уттурууда.
Фонддун мүчөлөрү “Алмашуу кошмо Банкына” өз товарларын киргизип, керектүү товарларын алып кете берет. Ортодон түшкөн суммадан айырмачылык болсо, жогоруда айтылган банк түздөп турат. Мисалы, Бишкектин четинде Питомник деген айыл бар. Ал жакка 20дан ашык Баткендин жарандары көчүп келген. Кызыл-Кыядан келген жаран үйүн сатып кайра өз жерине кетиши керек. Бирок, ал үйдү сатпайм, ушуга ылайыктуу Кызыл-Кыяда үй болсо алмашам дейт. Ал эми Кызыл-Кыядан көчүп келбей анын үйүнө Баткендин жараны келип жашамай болууда. Ага Баткенден кереги жок. Мына ушундай маселелерди “Алмашуу кошмо Банкы” чечет. Кантип чечет? Айта кетели, аталган банкка ар бир аймактан ушундай сатып алуу жана сатуулар киргизилет, киргизилген базадан ар ким өзүнө ылайык келген товарын же башка буюмун сатып ала берет. Банктын эң негизги кызматы товарды калыбына келтирип турган бюджет болуп берет. Бул эч кандай элдин капчыгына зыян келтирбейт. А күрөөканалар аркылуу карапайым эл тонолууда.
Ошондой эле СССР маалынан калган ишканалардан алгандан кийин даяр инвестиция кирет. Ошонун эсебинен 50% насыялоо системасына бөлөлү деп жатабыз. Буга чейин мамлекет тарабынан тоскоолдуктар болуп жаткан. Азыр андай бут тозуулар токтоду. Эми эл ынтымакка биригип, чогу аракет кылсак, 2018-жылы ишке ашат. Бул системада процент жана күрөө маселеси да болбойт.
Эмне себептен проценти жана күрөөсү жок?
Процентсиз келгенин себеби элдин өзүнүн кирешесинен келген инвестиция. Инвестицияны үчкө бөлөбүз:
1. Өндүрүшкө 30%;
- соодага (өндүрүүчүдөн-керектөөчүгө) 20%;
- кредитөө системасына 50%.
Өндүрүүчүлөр менен иштеп жатасыздарбы?
Учурда өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр болгон. Жакын арада келишимдер түзүлөт. Кандай тармактан кол сунбасын биздин фонд кабыл алат. Анткени майда өндүрүүчүлөргө да шарт түзүп берүү керек. Мындай шарттар түзүлбөсө өнүмүнүн көлөмүнүн аздыгынан пайдасын көрбөй калышууда. Себеби, экспортоо үчүн ири көлөм талап кылынат. Ал эми “Дөөлөт казынасы” коомдук фонду көлөмү аз өндүрүүчүлөргө кол сунуп, продукциясын сатууга жардам берет.
Наргиза Өмүрбек кызы