Өлкөдөгү 70%дан өйдө даярдыгы бар объектилердин курулушу толук бүткөрүлөт.
«Мектептерди жана социалдык объектилерди каржылоодо биринчи артыкчылык катары 70%дан өйдө даярдыгы бар объектилердин курулушун толук бүтүрүү, андан кийин каражат болсо, 50%дан өйдө объектилерди каржылоо пландаштырылат. Мындан тышкары, жаратылыш кырсыгынан, өзгөчө катаал кырсыктан жапа таркан объектилерди каржылоо артыкчылыктуу болуп эсептелинет. Буга чейин курулушу башталып, бирок бүтпөй калган объектилер көп болгон. Мындан ары даярдыгы аяктап калган объектилерди толук бүткөрүү чечимин кабыл алдык», — деп билдирди А.Касымалиев.
Ошондой эле, А.Касымалиев 2017-жылдын 30-декабрында КР Өкмөтүнүн №855-Токтому менен «Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө» Жобо бекитилгендигин белгилеп, социалдык объектилердин курулушун каржылоо бул Жобого ылайык жүргүзүлөөрүн айтты.
Жыл сайын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча социалдык объектилердин курулушун каржылоону көбөйтүүдө. «2017-жылдын жыйынтыгы менен мектептер, саламаттыкты сактоо объектилери жана жолдордун курулушу 8,6 млрд сомго каржыланды. 2015-жылы бул көрсөткүч 4,7 млрд сомду, 2016-жылы 8,1 млрд сомду түзгөн», — деди финансы министри.