2016-жылы ишке киргизилген кассалык пландоонун алкагында республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу мамлекеттик органдарга өздөрүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүштүрүүдө толук өз алдынчалуулук берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Алмаз Бакетаев билдирди.
Маектин жүрүшүндө А.Бакетаев бюджетти аткаруунун ачык-айкындуулугу, ошондой эле бюджеттик уюмдарга бюджеттик каражаттардын жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, республикалык бюджет жыл сайын министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттери бир сумма менен кабыл алынат. Бул каражаттарды андан ары бөлүштүрүү жана пайдалануу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
“Финансы министрлиги тарабынан бул каражаттар толугу менен жана өз убагында берилет. Бүгүнкү күндө бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан бюджеттик каражаттардын жетишсиздигине же жеткиликтүү эместигине эч кандай нааразычылыктар жок. Биз келечекте бюджеттик каражаттарды туура пайдаланууну жана катуу көзөмөлдү камсыздоо жаатында бул механизмди өркүндөтүүнү пландаштырып жатабыз”, – деп белгиледи А.Бакетаев.
Ал түшүндүрүп кеткендей, ушул максатта 2017-жылы бюджеттик мекемелер тарабынан каражаттардын пайдаланылышынын эффективдүүлүгүн жана сарамжалдуулугун көзөмөлдөгөн программалык негизде бюджет кабыл алынган. “Программалык бюджеттеги кандайдыр бир пландаштырылган натыйжаларга жетишилбей калган учурда каражаттар башка максаттарга жумшалат”, – деди Борбордук казыналыктын директору.